Бразилияда Дүйнөлүк кубок оюндары уланууда

ФИФАнын Дүйнөлүк кубогунда чейрек финал оюндары башталды.

110920
  Бразилияда Дүйнөлүк кубок оюндары уланууда

ФИФАнын Дүйнөлүк кубок-2014 оюндарынын чейрек финалдарында кечээ Бразилия менен Чили беттешип, оюн 1-1 болуп тең бүткөн соң кошумча убакыт берилди. Анда да гол кирбей калып пенальти тебүүлөрдө Бразилия Чилини 4-3 эсебинде утуп алды.
Ал эми оюндун берки беттешүүсү Уругвай менен Колумбиянын ортосунда болуп, Колумбия күчтүү оюнчусу ойнобой калган Уругвайды 2-0 эсебинде утту.
Колумбия менен Бразилия 4-июлда Форталезадагы « Castelao» стадионунда жарым финалга жогорулоо үчүн беттешишет. Чейрек финал оюндары ТРТ-1,ТРТ-Спор жана ТРТ-HD каналдарынан алып көрсөтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар