Руанданын мамлекет башчысынын Түркияга алгачкы расмий сапары

ТҮРК ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН НЕГИЗДЕРИ-4

2236356
Руанданын мамлекет башчысынын Түркияга алгачкы расмий сапары

Руанданын мамлекет башчысынын түркияга биринчи расмий сапары

“ТҮРК ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН НЕГИЗДЕРИ” программасынын жаңы чыгарылышы менен кайрадан биргебиз. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө “Руандадан Түркияга мамлекет башчысы деңгээлиндеги алгачкы расмий сапар” темасына токтолобуз.

Эл аралык байланыштар боюнча адис др. Жемил Догач Ипектин темага сереп салуусун баяндап беребиз.

Руандадан Түркияга президенттик деңгээлдеги алгачкы расмий сапар бир нече күн мурун ишке ашты. Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Руанданын президенти Пол Кагаме жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуулар менен келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп билдирүүлөрдү жасашты. Руанданын президенти Кагаменин сапарынын Руандадан Түркияга мамлекет башчысы деңгээлиндеги алгачкы расмий сапар экенин айткан президент Эрдоган, Руанданын президенти Кагамени кабыл алганы үчүн абдан кубанчта болгонун билдирди. Президент Эрдоган менен Руанданын президенти Кагаменин катышуусунда эки өлкөнүн ортосунда төрт келишимге кол коюлду. Кол коюлган келишимдер төмөндөгүлөр:

«Руанда телерадио агенттиги (RBA) менен Түркия радио-телеберүү мекемесинин (TRT) ортосундагы Радио жана телекөрсөтүү тармагында өз ара түшүнүшүү меморандуму», «Жарандык авиация кырсыктарын жана олуттуу курмандыктарын иликтөөдө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму», «Түркия менен Руанданын ортосундагы ММК жана коммуникация тармагында өз ара түшүнүшүү меморандуму», «Президенттиктин Коргоо өнөр жайы башкармалыгы менен Руанданын Коргоо министрлигинин ортосунда кызматташуу үчүн өз ара түшүнүшүү меморандуму».

Түркия менен Руанданын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштар акыркы жылдардагы олуттуу өнүгүүлөр менен бекемделип, ар түрдүүлүккө ээ болду. Эки өлкөнүн ортосундагы расмий жолугушуулар өз ара элчиликтердин ачылышы менен көбөйдү. Руанда 2013-жылдын августунда Анкарада элчилигин ачса, Түркия 2014-жылы декабрда Кигалиде элчилигин ачкан.

Эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү максатында жогорку деңгээлдеги сапарлар ишке ашырылды. Мурдагы тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 2016-жылдын 30-31-май күндөрү Руандага иш сапары менен барган жана бул сапардын алкагында «Билим берүү тармагында кызматташтык келишими», «Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму» жана «Дипломатиялык паспорттор үчүн өз ара визадан бошотуу келишимине» кол коюлган.

Түрк фирмаларынын Руандадагы инвестициясы да көзгө урунат. Акыркы беш жылда түрк фирмалары Руандага жалпы баасы 500 миллион доллардан ашкан 20дан ашуун инвестиция салды. Бул инвестициялар, ошол эле мезгилде Руандага жасалган тике чет өлкөлүк инвестициялардын болжол менен 13% түзөт.

Билим берүү тармагында да кызматташуу уланууда. Түркия стипендияларынын алкагында жыл сайын руандалык студенттерге жогорку билим берүү стипендиялары бөлүнөт. 2019-2020 окуу жылында бакалавриат, магистратура жана докторантурадагы 35 руандалык студент бул стипендиялардан пайдаланды. 1992-жылдан бери жалпысынан 257 руандалык студент Түркияда билим алды.

Түркиянын Кигалидеги элчиси Аслан Алпер Йүксел эки өлкөнүн ортосундагы карым- катнаштардын «эң мыкты» деңгээлде экенин жана мамилелерде акыркы он жылда ар бир тармакта маанилүү жылыштар болгонун айтты. Элчи Йүксел, Руанданын 1994-жылдагы геноцидден кийин тез калыбына келүү процессин баштан кечиргенин жана Чыгыш Африкада ийгиликке жетишкенин баса белгиледи. Руанданын Анкарадагы элчиси Фиделис Нтампака Миронко да эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты арттыруу каалоосун билдирди. Элчи Миронко Түркиянын терең тарыхы бар экенин жана Руанданын Түркия менен карым-катнаштарын бардык тармакта өнүктүрүүнү каалаганын айтты.

Түркия Африка континенти менен карым-катнаштарын Африка өнөктөштүк саясатына негизделген комплекстүү, институционалдык жана системалуу алкакта өнүктүрүүдө. Африканын көйгөйлөрүнө африкалык чечимдерди табуу принцибинин чектеринде тең укуктуу шериктештик жана утуштун негизинде континенттин туруктуулугуна жана өнүгүшүнө салым кошууда. Руанданын Чыгыш Африка жана Улуу Көлдөр аймагында туруктуулукту жана коопсуздукту орнотууга кошкон салымын жогору баалайт. Конго Демократиялык Республикасы менен болгон чыр-чатактын тынчтык жолу менен чечиле тургандыгына ишенет жана Ангола ортомчулук кылган түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү чын ыкластан колдойт. Натыйжада Түркия менен Руанданын ортосундагы карым-катнаштар дипломатиялык, экономикалык жана маданий тармактарда ырааттуу өнүгүүдө. Өз ара урматтоо жана кызматташтыкка негизделген бул мамилелердин келечекте дагы да чыңдалышы күтүлүүдө.

Эл аралык мамилелер боюнча адис др. Жемил Догач Ипектин сереп салуусун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар