Кыялымдагы саякаттар -3
Хижаз темир жолунун Медина станциясы

Урматтуу окурмандар, мурунку бөлүмдө биз Иорданиянын Амман станциясынан баштаган Хижаз темир жолунун тарыхын баяндап бергенбиз. Султан Абдулхамиддин кыялы, Осмон дөөлөтүнүн акыркы чоң долбоору Хижаз темир жолу темир рельстерден гана турчу эмес; бул ошол эле учурда ыйык жерлерге чейин созулган цивилизациянын кан тамыры, үмүттөрдүн жана ишенимдердин темир желелер менен туташтырылышынын идеясы эле.
Стамбулдагы Сиркежи вокзалынан башталган ажылык сапар Анадолунун чок ортосунан өтүп Дамаскка, андан ары ыйык жерлерге жетчү; Меккеде бүтүшү пландалган темир жол линиясы, мурунку бөлүмдө кеңири баяндалгандай, Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы жана андан келип чыккан шарттардан улам Мединага чейин гана жете алды.
Поезддин ышкырыгы азанга аралашып, вагондордо түрк, араб жана башка көптөгөн тилдерде сүйлөшүлгөн бул узун линиядан өткөн ар бир станция көздөгөн жер, ар бир аялдама дем болчу. Бир гана Стамбулдан же Анадолунун башка шаарларынан эмес, Скопьеден, Сараеводон, Багдаддан, Дамасктан, Бухарадан келген зыяратчылар колдорунда баштыктары, ооздорунда дубалары жана үмүттөрү менен бирге бул жолду басып өтүштү. Станцияларга токтогондо түрктөр, арабдар, босниялыктар жана албандар чогуу намаз окуп, баары бир кыбылага бурулуп, көздөгөн жери бир эле: Хижаз темир жолунун Медина станциясы.
Медина станциясы Хижаз темир жолунун эң сонун аялдамасы катары 1908-жылы курулган. Чөлдүн ортосунда көтөрүлгөн Осмон архитектурасынын бул кереметтүү үлгүсү жөн эле темир жол бекети эмес, сарайга да окшош эле. Эки кабаттуу башкы имарат чоң терезелери, таштан жасалган жана геометриялык оймо-чиймелери менен ошол мезгилдин архитектуралык генийин чагылдырган.
Станциянын эң көңүлдү бурган өзгөчөлүгү дубалындагы мукарнас жасалгалары болду. Селжук жана Осмон архитектурасынын бул мүнөздүү элементи чөл климатында да өзүнүн кооздугун сактап калган. Имараттын сыртында колдонулган ачык түстөгү таштар күндүн ысык нурларын чагылдырып, ичин салкын кармоого жардам берген. Негизги кире бериште Султан II. Абдулхамиддин кол тамгасы жана датасын көрсөткөн жазуу бар болчу. Эшиктин эки тарабындагы мамычалар, классикалык Осмон архитектура салтынын заманбап түзүлүшү эле. Станция имаратынын чатырындагы купол имаратка руханий атмосфера кошуп, ыйык шаардын силуэтине шайкеш келген.
Станциянын күтүү залы зыяратчылардын ыңгайлуулугун эске алуу менен жасалган. Бийик шыптар, чоң терезелер жана кенен отургучтар жүргүнчүлөргө ыңгайлуу эс алууну тартуулаган. Дубалдарды кооздогон плиткалар Изник плиткаларынын мотивдерин камтыган жана чөлдүн ортосунда Осмондуктардын көркөм өнөрүн чагылдырган.
Имараттын чыгыш канатында жайгашкан телеграф кеңсеси станцияны дүйнө менен байланыштырган маанилүү байланыш борбору болгон. Батыш канатында болсо административдик кеңселер жана кызматкерлердин бөлмөлөрү жайгашкан. Эки канатта тең табигый жарыкты максималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берген сүйрү арка терезелер колдонулган.
Платформа бөлүгү, узун темир мамылар менен бекемделген кең карниз менен жабылган. Бул чатыр саякатчыларды чөлдүн аптаптуу күнүнөн жана кум бороонунан коргоп турган. Платформанын полуна атайын тандалган, бышык таштар төшөлгөн. Бул таштар жүргүнчүлөрдүн оор агымына жана катаал климаттык шарттарга туруштук берүү үчүн тандалып алынган.
Станциянын суу муктаждыгы атайын жасалган суу резервуарынан камсыз кылынган. Бул база поезддердин сууга болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн, ошондой эле станциянын имаратын тазалоо жана жүргүнчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн пайдаланылган. Суу сактагычтын архитектурасы да негизги имаратка шайкеш келип, ошол эле таштан жасалган жасалгалар жана геометриялык оймо-чиймелер бул жерде да байкалган.
Станцияны курчап турган чоң короо бар эле. Бул короо зыяратчылардын күтүүсү жана эс алуусу үчүн жасалган. Короонун тегерегине отургузулган бак-дарактар чөлдүн ортосунда чакан оазис жараткан. Түнкүсүн чырактар менен жарыктандырылып турган короо саякатчыларга бейпил чөйрөнү тартуулачу.
Медина станциясынын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири анын акустикасы эле. Поезддин ышкырык үнү азан маалында Месжиди Набавиден көтөрүлгөн азан менен аралашып, өзгөчө атмосфераны жаратчу. Станциянын куполдуу күтүү залы бул үндөрдү жумшартып, ичине жаңыртып турчу.
Бүгүнкү күндө реставрацияланып музейге айландырылган Медина станциясы, ошол мезгилдин көркүн дагы деле чагылдырып турат. Хижаз темир жолунун Медина станциясы музейи, өзүнүн зыяратчыларына Исламга чейинки мезгилден бүгүнкү күнгө чейин унутулгус саякат тартуулайт. Мединанын тарыхый туристтик жерлеринин бири деп эсептелген музей хижрий календар менен 1419-жылы б.а 1998-жылы ханзаада Абдулмежид бин Абдулазиз тарабынан ачылган жана Месжиди Набавиден 1020 метр алыстыкта гана жайгашкан.
Музей 19 көргөзмө залынан турат. Пайгамбарыбыздын (САВ) тарыхы, анын жубайлары, тукуму, көчмөндөр жана ансарлар кеңири баяндалат. Падыша Абдулазиздин доорунан калган кол жазмалар, байыркы Ислам жазуулары жана жети өзүнчө казына бөлмөсүндө коюлган тарыхый экспонаттар зыяратчыларды кудум ал мезгилге алып барат.
Осмон дөөлөтү 400 жылга жакын кызмат кылган Мединада аяктаган Хижаз темир жол линиясы, Осмон империясынын акыркы доорунда да канчалык чоң кыялдары бар экенинин далили. Ар бир рельс, ар бир вокзал имараты бул цивилизациянын ыйык жерлерге болгон сүйүүсү, урмат-сыйы жана берилгендигинин так көрсөткүчү болуп саналат.