"Салттан келечекке Түркия: Жаңы цивилизациянын түзүлүүсү"
Түрк тышкы саясатынын негиздери-1
ТРТнын кыргызча берүүсү үчүн даярдалган "Түрк тышкы саясатынын негиздери" аттуу программасынын жаңы бөлүмүн баштайбыз. Программабыздын бүгүнкү чыгарылышы “Салттан келечекке Түркия: Жаңы цивилизациянын түзүлүүсү” темасында болмокчу.
Эл аралык мамилелер боюнча адис др. Жемил Догач Ипектин бул темадагы сереп салуусун баяндап беребиз.
Мамлекеттин тышкы саясатын туура жүргүзүү үчүн ошол мамлекеттин потенциалын ачуу зарыл. Түркия өзүнүн бай тарыхый мурасы жана аймактык стратегиялык жайгашуусу менен дүйнөдө цивилизация түзө алган саналуу мамлекеттердин бири. Бирок келечектин Түркиясын куруу үчүн бир гана тарыхый жана географиялык артыкчылыктар жетишсиз. Бул потенциалды ишке ашыруу үчүн маалымдуулук, билим жана иш-аракеттер планы талап кылынат. Азыркы мезгилде бул элементтер дүйнөлүк кризистин шартында жаңы дүйнөлүк цивилизацияны куруунун пайдубалын түптөй турган маанилүү компоненттер болуп саналат.
Билүү деген билимге, нукуралыкка ээ болуу дегенди билдирет. Аткаруу- кайраттуулук менен аракет кылуу жана аң-сезимдүү түрдө жаңы муундарды калыптандыруу болуп саналат. Болуу болсо – адеп-ахлактык баалуулуктарды жана аң-сезимди жашоонун борборуна коюу дегенди билдирет. Учурда дүйнө башынан кечирип жаткан кризистердин тамырында адеп-ахлактын жоктугу жатат. Түркия бул тармакта уникалдуу цивилизациялык көз карашты сунуштоо менен өзгөрүү жасай алат.
Түркия жана Түрк дүйнөсү чечиши керек болгон үч негизги маселе бар: Пастык комплекси, өз алдынча боло албоо жана максаттардын жоктугу. Тарых бою башкалар менен атаандашуунун ордуна уникалдуу жол табууга аракет кылбоо, коомдун нукуралыгына доо кетирип келген. Пастык комплексин бир четке коюп, Түркия жана Түрк дүйнөсү өзүнүн өздүгүнө көңүл бурушу керек. Бул кемчиликтерди жоюу учун маалымдуулукка, билимге, иш-аракетке багыт алуу зарыл. Аң-сезим, коомго өз инсандыгын аң-сезимдүү түрдө кабыл алууга мүмкүндүк берет. Маалымдуулук билимсиздиктин ордун ээлеп, ар бир тармакта коомдун алдыга жылышына салым кошот. Иш-аракет болсо конкреттүү кадамдарды жасоо менен теорияны чындыкка айландырууну билдирет.
Келечектин Түркиясы жаңы дүйнөлүк цивилизация түзүүнү максат кылышы керек. Бул көз караш үч негизги талапты камтыйт: инженердиктен архитектурага өтүү, берилгендик менен татыктуулукка чогуу маани берүү жана улуттук мамлекет менен цивилизациялуу мамлекетти бир багытка салуу. Бул максатка жетүү үчүн технологиялык инфраструктурадан социалдык түзүлүшкө чейин ар бир тармакта түбөлүктүү мамилени улантуу абдан маанилүү. Бул көз карашты ишке ашыруу үчүн үч маанилүү сунуш төмөнкүдөй: өзүң бол, тарыхты жана теорияны бил, окуяларга өлкөбүздүн көз карашы менен кара. Цивилизациянын уникалдуу түшүнүгүн өнүктүрүү бул аң-сезимдүү мамиле менен гана мүмкүн.
Келечектин Түркиясын калыптандырган эң негизги элемент адеп-ахлак жана адамдык баалуулуктар болот. Учурда дүйнө башынан өткөрүп жаткан кризистин өзөгүндө адеп-ахлактуулуктун жоктугу жатат. Экономикалык кризистерден саясий башаламандыкка чейин ар бир тармакта чечимдер, жеке адамдардын жана коомдордун адеп-ахлактык негизди кабыл алышы менен мүмкүн болот. Бул жагынан Түркиянын тарыхый теги жана диний баалуулуктары дүйнөлүк моделди түзө алат.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Түркия өзгөчө аймакта жана дүйнөдө жаңы тең салмактуулуктун түзүлүшү үчүн маанилүү кадамдарды таштады. Анын чечкиндүү жана көрөгөч мамилеси Түркиянын эл аралык аренада кадыр-барктуу позицияга ээ болушуна шарт түздү. Ошол эле учурда Улутчул Кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчелинин улуттук биримдикке жана мамлекеттик каада-салттарга басым жасаган сөздөрү бул көз караштын ишке ашуусунда маанилүү толуктоочу элемент болду.
Түркия жакынкы келечекте глобалдык цивилизацияны кайра түзүүдө маанилүү актер болуу потенциалына ээ. Бул потенциалды ишке ашыруу үчүн аң-сезимдин, билимдин жана аракеттин элементтерин ыргактуу түрдө ишке ашыруу өтө зарыл. Адеп-ахлак, илим жана уникалдуу инсандыкты негиз кылган мамилеси менен Түркия бир гана өз элинин эмес, дүйнөнүн үмүт булагы болот. Жаңы дүйнө цивилизациясын түзүү Түркиянын тарыхый миссиясына дал келген максат жана бул максатка жетүү улуттук аң-сезимге негизделген иш-аракет менен гана мүмкүн болот. Түркиянын Элдик альянс менен бирге бул багытта бекем кадамдарды таштап жатканын айтууга болот.
Эл аралык мамилелер боюнча адис др. Жемил Догач Ипектин баа берүүсүн окудуңуздар.