Өмер Сейфеддин
Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-26
Урматтуу окурмандар, бүгүн биз сиздерге түрк элинин жазуучусу, акыны, интеллегенти жана түрк аңгеме жанрынын негиздөөчүсү Өмер Сейфеддин тууралуу кеп кылабыз.
Өмер Сейфеддин Осмон доорунун соңку жылдары, улуттук сезимдер ойгоно баштаган өткөөл заманда жашап, чыныгы окуяларды аңгеме жанрында жазган жазуучу, мугалим жана аскер болгон. Ал өмүрүндө 170ке жакын аңгемесин жазып калтырган. Жазуучу 1884-жылы 11-мартта Балыкесир облусуна караштуу Гөнен районунда төрөлүп, билим жолу ошол жерде башталган. Кийин атасынын жумушуна байланыштуу Стамбулга көчүшкөн. Ошол учурдун аскердик даярдоо мектептеринен билим алып бүтүргөн Өмер Сейфеддин, эмгек жолун Кушадасы жөө аскер батальонунда баштаган. Селаник жана Битолада кызмат өтөп, эки жыл бою Балкандагы чек ара конуштарында кылмыштуу топторду көзөмөлдөө менен алектенген. 2-конституциялык монархия жарыялангандан кийин чыккан 31-марттагы көтөрүлүштү басуу үчүн Стамбулга келген Аскердик армиясына да катышкан. Саясий кырдаалдардан улам аскердик жашоосунан алыстай баштаган. Жазуучу жана саясатчы Зия Гөкалптын жардамы аркылуу Биримдик жана прогресс комитетинин компенсация төлөмү менен армиядан биротоло кеткен.
Өмер Сейфеддин бала чагынан бери адабиятка жакын болуп алгач ыр жаза баштаган. Тажрыйбасында арап жана фарс тилдеринин терс таасирин көрүп чыгармаларында жаңыча агым баштаткан. 1911-жылы чыккан «Генч Калемлер» аттуу журналда «жаңы тил» кыймылын баштаган. Анын макалалары Стамбулда жана Салоникиде ар кандай журналдарда псевдоним менен басылып турган. 1912-жылы Балкан согушу башталып, жазуучу ага-лейтенант катары Батыш армиясына кошулуп бирок гректер тарабынан туткунга түшкөн. Туткун жылдарында изилденип окуп дагы, жазып дагы, айтор чыгармачылык жашоосу үчүн маанилүү тажрыйбаларга ээ болгон. Ошол мезгилде жазган аңгемелерин «Түрк йурду» гезитине жарыялап турган. 1913-жылы туткундан кийин Стамбулга кайтып келген Өмер Сейфеддин, 1914-жылы экинчи жолу аскердик кызматынан бошоп, «Түрк сөзү» журналынын башкы редактору болуп дайындалган. Бул журналда түркчүлүк пикиринин өкүлү катары макалаларды жазган. Анын аңгеме жана макалалары ошол учурда бир топ гезит-журналга басылып коомчулук тарабынан окулуп турган. Өмер Сейфеддин башынан өткөргөн оор аскердик жылдары жана жашоосундагы терс көрүнүштөр ден соолугун кескин начарлатып, ал 1920-жылы 6-мартта 36 күлгүн жашында дүйнөдөн кайткан.
Өмер Сейфеддин аңгеме жазуучусу катары атак-даңкка жеткени менен адабиятка поэзия менен кирген. 1911-жылдан кийин жазган ырлары жөнөкөй тилде жазылгандыктан, аны коомчулук ырахаттануу менен окуду. Ал эми аңгемелеринин өзгөчөлүгү негизинен чыныгы жашоодон алынып жазылгандыгында болду. Коомчулук тарабынан азыр да суктанып окулган аңгемелеринин тематикасы күнүмдүк турмуштан, балалык жана аскердик эскерүүлөрүнөн, тарыхтан, элдик уламыштардан куралган. Негизинен чыгармаларында ошол учурдун коомдук турмуштагы өксүктөр, улуттук сезимдер, Анадолу элинин жашоо шарттары, Балкан түрктөрүнүн эзилиши темалары алдыңкы орунда турат. Жазуучу ушул аңгемелери аркылуу улуттук аң-сезимди ойготкусу келген. Мисал үчүн «Түркчүлүк урааны» аттуу эмгегинде жаштарга түрк аң-сезимин сиңирип, түрк улутунун улуулугуна ишендирүүнү максат кылган. Жаш муунга улутчулдук аң-сезимин үйрөтүүгө аракет кылган. Өмер Сейфеддиндин улутчулдук түшүнүгү кан жана расалык биримдикке негизделбейт. Анын айтымында, инсанды улут катары бириктирүүчү эң негизги факторлор тил менен диндин биримдиги болгон. Тактап айтканда, Өмер Сейфеддин «Бир түрк болуш үчүн түркчө сүйлөп, мусулман болуп, түрк тарбиясын алып жана каада-салт менен жашашы жетиштүү...» - деп эсептеген. Бул түшүнүк менен анын дагы бир атактуу сөзү бар. Ал: «Эгер Түрк улуту ойгонуп, бириксе, мусулман дүйнөсү жүз миллионго жеткен кудуреттүү күчкө айланат... Ислам дини түрктөрдүн жана түрк рухунун ойгонушу менен гана туткундан кутулат!» - деген.
Түрк тилине мурун болуп көрбөгөн бурулуш жасаган жазуучунун өзгөчөлүгү аңгемелерин жөнөкөй тилде жазгандыгында. Ал түрк тилине төңкөрүш жасаган патриоттордун бири болгон. Анын айтымында; эски тил колдонулбаган, өлүк тил. Араб жана фарс эрежелери түрк тилинин тартибин бузган. Тилдеги чет элдик эрежелерди жоюу, ал эми элдин тилине сиңип калган араб, фарс сөздөрдү калтырып, калганын жөнөкөйлөтүү керектигин жазган. Жазуу тилинин негизи катары Стамбул түркчөсү алынышы керек экенин да биринчилерден болуп түптөгөн. Мына ушул маселенин башатын Өмер Сейфеддин баштап учурдагы түрк тилинин түптөлүшүнө өтө чоң салымын кошкон. Анын жаңычыл көз карашы менен түрк адабияты жана тили жаңылануу жолуна кирген. Өмер Сейфеддин кыска өмүрүндө 170ке жакын аңгеме жазган жана анын чыгармалары 60 тилде жарык көргөн. Ал азыркы түрк адабиятында прозанын түптөлүшүнө чоң салым кошуп жана “Улуттук адабият агымынын” негиздөөчүлөрүнүн бири болуп тарых барактарында жазылып кала бермекчи.
ТРТнын Кыргызча бөлүмү үчүн программаны даярдаган Назгүл Кадырова