Түркиянын Евразия аймагындагы республикалар менен кызматташтыгы

Евразия күндеми-52

2224494
Түркиянын Евразия аймагындагы республикалар менен кызматташтыгы

ТРТнын берүүсүндөгү “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда 2024-жылы Түркиянын Евразия аймагындагы республикалар менен кызматташтыгынын кандай болгондугу тууралуу кеп салабыз.

2024-жылы Түркиянын Евразия республикалары менен алакасы жогорку деңгээлде уланды. Түркия Орусия-Украина согушунда ортомчу ролун аткарды. Евразия республикаларында пландаштырылган саммиттер өз убагында өткөрүлдү жана бул саммиттерге Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган катышты.

2024-жылы Президент Режеп Таййип Эрдоган Евразиянын 6 жумуриятына барды. Түркиянын Президенти 3-июль күнү Казакстанга, 20-июлда Түндүк Кипр Түрк Республикасына, 23-октябрда Татарстанга, 4-ноябрда Кыргызстанга, 7-ноябрда Венгрияга, 12-ноябрда Азербайжанга барды.

2024-жылы Евразия өлкөлөрүнүн президенттери да Түркияга жогорку деңгээлдеги сапарларды жасашты. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, 20-26-август, 8-октябрь, 8-9-ноябрда, Азербайжандын Президенти Илхам Алиев 19-февралда жана 10-июнда, Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-мартта, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев 6-июнда, Венгриянын Президенти Томаш Суляк 12-декабрда Түркияга келишти. Президент Илхам Алиев адат болуп калгандай эле президент болуп кайра шайлангандан кийин, чет мамлекетке алгачкы расмий иш сапарын Түркияга жасады.

2024-жылы Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жана Венгриянын премьер-министрлери, Түркмөнстан Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Түркияга иш сапары менен келип кетишти.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Спикери Нуман Куртулмуш үстүбүздөгү жылдын 22-февралында Бакуга барып, Азия Парламенттик Ассамблеясынын 14-Башкы жыйынына катышты. Жыйында Азия Парламенттик ассамблеясынын төрагалыгы Түркиядан Азербайжанга өттү. Спикер Нуман Куртулмуш 20-23-май күндөрү Казакстанда жана Өзбекстанда болду.

 1-3-март күндөрү Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын эгедерлигинде 3-Анталья дипломатиялык форуму «Кризистик доордо дипломатия» аталышында өткөрүлдү. Форумга Евразиянын бардык өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышты. Форумга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын Калк Маслахатинин Төрагасы Гурбангули Бердымухамедов, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия Федерациясынын тышкы иштер министрлери катышты. Форумдун алкагында көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар өттү.

Түркия 2024-жылы Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу жана аймактын өнүгүшү үчүн иш-чараларын улантты. Түштүк Кавказ аймактык кызматташтык платформасынын жыйыны, Азербайжан-Грузия-Түркия тышкы иштер министрлеринин жыйыны, Азербайжан-Грузия-Түркия коргоо министрлеринин жыйыны, Түркия менен Армениянын эки тараптуу карым-катнаштардын нормалдашуусу процесси үчүн атайын өкүлдөрүнүн жолугушуулары 2024-жылы өткөрүлдү.

Түркия 2024-жылы БРИКСке толук кандуу мүчө болуу үчүн арыз берди. Ушул жана башка окуялар Түркиянын Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттер менен тыгыз кызматташтыкта ​​экенин көрсөтүүдө. Жыйынтыктап айтканда, 2024-жыл Түркиянын Евразия аймагындагы республикалар менен карым-катнаштары үчүн жемиштүү болду.



Тектеш кабарлар