2024- жыл Түрк республикалары үчүн кандай жыл болду?
Евразия күндеми-51

ТРТнын берүүсүндөгү “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда 2024- жылдын түрк республикалары үчүн кандай жыл болгондугу тууралуу кеп салабыз.
2024-жыл түрк республикаларынын эл аралык аренадагы позициясы чыңдалган, өз ара интеграция уланган жана пландалган биргелешкен иш-чаралар ишке ашырылган ийгиликтүү жыл болду. Эми темабызга байланыштуу кээ бир көрүнүктүү окуяларга көз чаптыралы.
Үстүбүздөгү жылдын 6-июль күнү Шушада Түрк Мамлекеттер Уюмунун бейрасмий саммити өттү. Саммиттин соңунда Карабак декларациясына кол коюлду.
6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өттү. Саммиттин жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынып, жалпысынан 14 документке кол коюлду.
5-6-июнь күндөрү Баку шаарында ТүркПАнын 13-Башкы жыйыны болуп өттү. Жыйындын соңунда Баку декларациясы кабыл алынды.
Түрк Республикаларынын ортосундагы мекемелер аралык интеграция 2024-жылы да улантылды. 2024-жылы Түрк мамлекеттеринин атаандаштык мекемеси, Түрк өлкөлөрүнүн шахмат союзу, Түрк мамлекеттеринин Кызыл жарым ай жана Кызыл чырым уюму, Түрк дүйнөсү кино фонду жана Улуттук транспорт ассоциациялары биримдиги түзүлдү.
2024-жылы Азербайжанда президенттик шайлоо өттү. Венгрияда жаңы президент шайланды. Азербайжанда жана Өзбекстанда парламентке шайлоолор өттү. Аты аталган эки өлкөнүн парламент спикерлери жана премьер-министрлери кызмат орундарын сактап калышты.
2024-жылы түрк республикаларынын ортосундагы жогорку деңгээлдеги сапарлар байма-бай болуп турду. Азербайжандын президенти Казакстанга, Өзбекстанга, Татарстанга жана Түркияга, Казакстандын президенти Азербайжанга, Кыргызстанга, Венгрияга, Татарстанга жана Түркмөнстанга, Кыргызстандын президенти Азербайжанга, Казакстанга, Өзбекстанга жана Татарстанга, Венгриянын президенти Түркияга барды. Өзбекстандын президенти Азербайжанга, Казакстанга, Кыргызстанга, Татарстанга жана Түркияга, Түркиянын президенти Азербайжанга, Казакстанга, Кыргызстанга, Венгрияга, Түндүк Кипр Түрк Республикасына жана Татарстанга, Түркмөнстандын президенти Казакстанга жана Татарстанга иш сапары менен барды.
19-январь күнү Стамбулда Түрк кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетинин 4-жыйыны өттү. Эл аралык түрк уюмдары жыл ичинде пландалган иш-аракеттерин толугу менен аткарышты.
Түрк Мамлекеттер Уюму тарабынан 22-25-апрель күндөрүнүн аралыгында Женевада Түрк жумалыгы уюштурулду. Эл аралык түрк уюмдары түрк жумалыгында түрдүү иш-чараларды өткөрүштү.
Казакстандын Түркстан шаары түрк дүйнөсүнүн туризм борбору, Тараз шаары Түрк Мамлекеттер Уюмунун айыл чарба борбору, Түркмөнстандын Анев шаары түрк дүйнөсүнүн маданият борбору катары милдеттерин жүзөгө ашырышты.
Түрк дүйнөсү биргелешкен алфавит комиссиясынын 3-жыйыны 9-11-сентябрь күндөрүнүн аралыгында Бакуда өттү. Жыйындын соңунда 34 тамгадан турган Орток түрк алфавити боюнча келишим түзүлдү.
8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 89 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу күч сынашты.
Окуялардан да көрүнүп тургандай, 2024-жыл түрк республикалары үчүн ийгиликтүү жыл болду. Түрк республикаларынын ортосунда 50гө жакын тармакта биргелешкен кызматташтык иш-чаралары уланууда. 2024-жылы жасалган иштерге сереп салып, 2025-жылдын түрк республикалары үчүн дагы да жемиштүү болоорун болжолдоого болот.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова