Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
Евразия күндеми-50
ТРТнын берүүсүндөгү “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.
Евразия чөлкөмүндө туруктуулуктун камсыз кылынышы оорлошуп баратат. Орусия-Украина согушу уланууда. Грузияда жана Абхазияда эл митингге чыгышты. Сирия кайрадан эл аралык саясаттын күн тартибине кирди. Бул окуялардын баары түрк республикаларына түздөн-түз таасирин тийгизет. Азыр өткөн аптада түрк республикаларында болгон маанилүү окуяларга көз чаптыралы.
Үстүбүздөгү жылдын 2-4-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түштүк Кореяда расмий иш сапары менен болду. Президент Жапаров борбор шаар Сеулда Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёль жана парламенттин спикери У Вон Шик менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда 22 келишимге кол коюлду. Мындан тышкары, президент Жапаров Кыргызстан-Түштүк Корея инвестициялык диалогу жыйынына катышты. Иш сапардын алкагында президент Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушту. Түштүк Кореянын ички саясатындагы туруксуздукка карабастан, президент Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга иш сапары ийгиликтүү болду. Эскерте кетсек, Кыргызстан президенттик деңгээлде Түштүк Кореяга акыркы жолу 11 жыл мурун барган.
Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев 3-7-декабрь күндөрү Сауд Арабия жана Катар мамлекеттерине иш сапары менен барды. Президент Токаев Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Рияддагы «Бир Суу саммитине» жана Катардын борбор шаары Дохадагы 22-Доха форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Иш сапардын алкагында Президент Токаев Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани, Франциянын Президенти Эммануэль Макрон жана көптөгөн эл аралык уюмдардын жана компаниялардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Президент Токаевдин араб өлкөлөрүнө болгон иш сапары абдан жемиштүү болгону айтылды. «Бир суу саммитине» Түркмөнстандын Калк Маслахатинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов да катышты. Кошумчалай кетсек, 22-Доха форумунун алкагында тышкы иштер министрлеринин Астана форматындагы жолугушуусу өттү. Жолугушууда Сирия маселеси талкууланды.
Феридун Синирлиоглу 5-6-декабрда Мальтада өткөрүлгөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун жыйынында уюмдун башкы катчысы болуп шайланды. Ошентип Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы болуп биринчи жолу түрк дипломат шайланды. Дүйнөдө жиктешүүнүн күчөгөнүн жана ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн баш катчыны шайлоодо бир жылдан бери бир пикирге келе албаганын эске алганда, Синирлиоглунун бул кызматка шайланышы Түрк республикаларына, өзгөчө Түркияга дүйнөдө жана Евразия чөлкөмүндө ишеним артылганын көрсөтүүдө.
7-декабрда Азербайжандын борбору Бакуда “Парламентаризм: салттар жана перспективалар” аттуу эл аралык конференция өттү. Азербайжандын Улуттук парламентинде өткөн конференцияга 13 өлкөдөн 100дөн ашуун эл өкүлү катышты. Бакуда аймактык жана дүйнөлүк масштабдагы маанилүү эл аралык иш-чаралар байма-бай өтүп жатат.
Дүйнөлүк саясат тынч эмес мезгилден өтүп жаткан учурда түрк республикалары Евразия аймагында тынчтыктын жана туруктуулуктун кепили болуу үчүн аракет кылышууда.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова