Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
Евразия күндеми-48
ТРТнын Кыргызча берүүсүнөн “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.
Өткөн аптада Казакстандын Европа менен алакасын бекемдөө багытында маанилүү окуялар болду. Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев биринчи жолу Сербияга, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу биринчи жолу Хорватияга барды. Эми бул сапарлардын урунттуу учурларын карап көрөлү.
Үстүбүздөгү жылдын 19-21-ноябрь күндөрү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев иш сапары менен Сербияга жана Венгрияга барды. Сербияга алгачкы иш сапарын жасаган президент Токаев Белградда Сербиянын президенти Александр Вучич жана премьер-министри Милош Вучевич менен өз-өзүнчө жолугушту. Делегациялардын жолугушууларынын жыйынтыгында Казакстан менен Сербиянын ортосунда 10 келишимге кол коюлду. Иш сапардын алкагында президент Токаев “Батайница” аэропортуна барып, Сербиянын коргоо өнөр жайы продукцияларын жеринде көрдү.
О.э. 20-ноябрда Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Сербиядан Венгрияга өттү. Бул президент Токаевдин Венгрияга жасаган алгачкы мамлекеттик иш сапары болду. Президент Токаев Будапештте Венгриянын президенти Тамаш Сулёк, премьер-министри Виктор Орбан жана Парламенттин төрагасы Ласло Кевер менен өз-өзүнчө жолугушту. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Казакстан менен Венгриянын ортосунда 6 келишимге кол коюлду. Президент Токаев Венгрияга жасаган иш сапарынын алкагында венгер-казак инвестициялык жыйынына катышты. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда 7 келишимге кол коюлду. Касым Жомарт Токаевдин сапары казак президентинин Венгрияга 17 жылдан кийин жасаган сапары болуп калды.
21-ноябрь күнү Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Хорватияга расмий иш сапары менен барды. Загреб шаарында Мурат Нуртлеу Хорватиянын Тышкы иштер жана европалык иштер министри Гордан Грлич Рахман менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда Тышкы иштер министрликтери менен Дипломатиялык академиялардын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду. Бул иш сапар Казакстандын тышкы иштер министринин Хорватияга жасаган алгачкы сапары эле.
Түрк республикаларынын кызматташтыгын бекемдеген иш-чаралар үзгүлтүксүз уланууда. Өткөн аптада Түркмөнстанда, Кыргызстанда жана Өзбекстанда маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү.
Түркмөнстанда 18-ноябрь күнү Анев-2024 түрк дүйнөсүнүн маданий борбору иш-чараларынын расмий жабылыш аземи өттү. Жыл бою Түрк дүйнөсүнөн музейчилер, сүрөтчүлөр, жазуучулар, театр жана кино өкүлдөрү Анев шаарында чогулушту. 2025-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий иш-чаралары Актау шаарында өтөт.
18-ноябрда Ташкентте Түрк Мамлекеттер Уюмунун Диаспоралардан жооптуу министрлери менен мекеме жетекчилеринин 6-жыйыны өттү. Жыйынга Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн өкүлдөр катышты. Жыйында түрк республикаларынын дүйнөдө 20 миллион диаспора өкүлү бар экени баса белгиленди.
20-ноябрь күнү Бишкекте Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун форуму өттү. Форумга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан ректорлор катышты. Форумдун алкагында эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова