Башкырлар

Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү - 21.2024

2215557
Башкырлар

Сүйүктүү окурмандар, «Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү» аттуу прграммабызга кош келдиңиздер. Бүгүн этникалык теги байыркы венгерлер менен тууган экендиги ортого салынган башкырлар, башкырлар жашаган жерлер жана башкыр тили тууралуу токтолобуз.

Башкыр деген аттын кайдан келгени азырынча белгисиз болсо да бул тууралуу түрдүү уламыштар менен илимий көз караштар бар. Эл арасында жайылган уламыштарга караганда башкыр деген ат тарыхта Каспийдин түштүгүндө жашаган «Кыырт  -  Баш» уруусу тууралуу имиштерге таянууда. Бул имиште  аталган «Кыырт  - Баш» уруусунун атынын мезгили менен «курт  - баш» болгондугу, андан кийин сөздөрдүн орун алмаштыруусу менен «баш курт» аты ортого чыккан, азыркы күндө жашап жаткан башкырлардын да жогоруда аты аталган «кыырт -  баш» уруусунун мурскорлору экендиги айтылууда. Илимий көз караштарга караганда «башкурт» аты араб жана фарс тарыхчылары менен орус жана европалык изилдөөчүлөр тарабынан 9 -  кылымдан бери изилденип, белгилүү түрколог Кашкарлы Махмут өзүнүн «Диванү  лүгат ит түрк» аттуу чыгармасында башкырлардын түрк уруусу болгонунан сөз кылат. Эң негизгиси Кашкарлы Махмуттун бул көз карашы тарых боюнча бир топ окумуштуу тарабынан колдоого алынган.

Башкыр  түрктөрү тууралуу изилдөөлөрдүн арасында көңүлдөрдү бурган башка бир жагдай башкырлардын венгерлер менен тууган экендиги же венгерлердин бир бөлүгүн түзгөндүгү тууралуу көз караштар. Ушуга караганда тарыхта Урал  -  Алтай аймагы жана айланасында бирдикте жашаган түрк жана фин  - угор урууларынын бир бөлүгү, көчмөн элдердин кысымынын натыйжасында бүгүнкү Венгрияга көчүп кетип, бир бөлүгү жашаган аймакта калган жана бүгүнкү башкыр түрктөрүнүн пайда болушуна шарт түзгөн.

Тарыхтын эң байыркы булактарында аты аталган жана түрк урууларынын бири болгон башкыр түрктөрү бүгүн негизинен Россия Федерациясына караштуу жана борбор шаары Уфа болгон Башкортостан Республикасында  жашашат. Өлкөнүн калкынын саны  2024 -  жыдын  1 -  январдагы каттоого караганда  4 миллион  064 миң 361 жана башкырлар бул сандын  31,5 пайызын түзөт.

Башкырлар сүйлөгөн тил түрк тилдеринин географиялык жана лингивистикалык негиздерине карата  классифиакциялоодо Түндүк  -  Батыш же кыпчак тобунда орун алып азыркы күндө оозеки жана жазуу түрүндө да жашоосун улантууда.

Башкыр тили негизинен Башкортостан Республикасында колдонулат. Сөз болуп жаткан аймактан тышкары Татарстан жана Удмуртия республикаларында да сүйлөшөт, бирок Башкортостан Республикасында гана орус тили менен бирге расмий тил статусуна ээ. Ушул себептен  бул өлкөлөрдүн ичинде билим берүү, медиа жана мамлекеттик иштерде колдонула алат. Бирок орус тили расмий болгон башка өлкөлөрдө болгондой эле Башкортостан Республикасында да орусчанын үстөмдүк кылышы менен башкыр тилин колдонуу чөйрөсү чектүү жана көпчүлүк учурда экинчи тил катары колдонулууда.

Башкырлар 19 -  кылымдын ортолоруна чейин чагатай түркчөсү деп аталган жазуу тили колдонду. Бул кылымдын акырларында өз диалектилери, тактап айтканда башкыр тили  менен жаза башташты. Бул жол менен бүгүнкү башкыр жазуу тилинин пайдубалы түптөлгөн болду. Исламиетти  кабыл алган  10 – кылымдан 1929 -  жылга чейин араб алфавитин колдонгон башкырлар 1929 -  жылдан  1939 -  жылга чейин  10 жыл  советтик Россиянын эгемендиги астында жашаган түрктөрдүн арасында чыгарылган латын алфавитинин негизиндеги Орток түрк алфавитин колдонушту. Советтер союзунун чектеринин ичинде жашаган бардык түрк элдеринин кирилицанын негизиндеги алфавитке өтүү процессинин натыйжасында башкырлар да  1939 -  жылы бүгүн да колдонуп жаткан жаңы алфавитти кабыл алышты.

Сүйүктүү окурмандар, программаны профессор доктор Гүлсүм Килли Йылмаздын кошкон салымы менен доктор Саида Бурахинидинова даярдады.



Тектеш кабарлар