Чокан Валиханов
Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-21
Кадырлуу окурмандар, бүгүн биз 21-кылымдын эң көрүнүктүү казак интеллигенти, изилдөөчүсү, окумуштуусу, тарыхчысы жана этнографы Чокан Валиханов тууралуу кеп салмакчыбыз.
Түрк тарых изилдөөлөрүндө маанилүү орду бар белгилүү окумуштуу Чокан Валиханов агартуучу, саякатчы, этнограф, филолог, Түркстан элдеринин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүсү катары таанымал. Чокан 1835-жылы Батыш Сибирдин чек арасындагы Кушмурун аймагында туулган. Булактарда расмий аты Мухаммед Канапия болгон Чокан Валихановдун үй-бүлөсү Казак хандыгынын династиясына кирген. Ал Абылай хандын үчүнчү муундагы небереси. Чоң атасы Абылай Казак хандыгынын он сегизинчи ханы. Чокан жаштайынан элдик ырларды, күүлөрдү угуп чоңойгон. Небересин тарбиялоодо алты чыгыш тилин билген чоң энеси Айганымдын ролу чоң. Айганым чоң эненин айткан эски уламыштарын, чоң аталарынын жетишкендиктерин, туулган жердин каада-салтын угуп чоңойгон Чокан, өмүр бою мекенине күйгөн атуул болуп өткөн. Апасы Зейнеп, атасы Чыңгыз жогорку билимдүү адамдар болушкан. Он эки бир туугандын ичинен Чокан шамдагайлыгы жана жайдары мүнөзү менен өзүнө көңүл бурдурган. Кичинекейинен арабча окуганды жана жазганды үйрөнүп, чыгыш тилдерин, географияны, тарыхты, математиканы жана сүрөт тартууну үйрөнгөн.
Чокан Валиханов, 1847-жылы Омбудагы Аскердик Кадет корпусуна кирип, тырышчаактык мүнөзү менен аны ийгиликтүү аяктаган. Орус этнографы жана тарыхчысы Григорий Потанин: «Чокан окууну абдан тез өнүктүрүп, аны менен бирге окуган орус досторунан алдыга өткөн. Чокандын мектептеги ийгилиги жана таланты айланасындагы көптөгөн адамдарга таасир эткен» - деп, анын билимге болгон чечкиндүүлүгүн, каалоосун эскерүүлөрүндө баса белгилейт. Чокан мектепти аяктагандан кийин Батыш Сибирь генерал-губернатору генерал Гасфорттун кол алдында кызмат өтөйт. Кызмат учурунда ал аймактарда уюштурулган чалгындоо иш-чараларында казак элинин бардык үрп-адаттарын, салттарын, фольклорун жана диний мамилелерин изилдөө иштерин жүргүзгөн. Ал чогулткан маалыматтардын негизинде макалаларын жазган. Муну менен кошо казак, кыргыз, сарыбагыш, солто урууларынын Орусия менен болгон көйгөйлөрүн чечүүгө саясий демилге көтөргөн. Бир жагынан улуу «Манас» эпосу боюнча изилдөөлөрүн улантып, изилдөө иштерин жүргүзгөн. Бул изилдөөлөрүн барктаган орус окумуштуулары Валихановду “Орус География коомуна” мүчө кылып шайлашкан. Ал 1858-1859-жылдары өзүнүн кызматтык милдеттеринин алкагында Кашкарга барган. Ал жерде уйгур түрктөрү тууралуу маанилүү маалыматтарды чогулткан. Ал бул эмгектерин «Жунгариянын сүрөттөлүшү», «Тан-Лу» жана «Алты шаардын абалы» деген макалалары менен илим дүйнөсүнө тааныткан.
Ал аскердик экспедициясы менен Кыргызстанга барып, географиясын изилдеп, «Кыргыздар жөнүндө жазуулар», «Ысык-көл экспедициясынын күндөлүгү», «Кытай мамлекетинин батыш аймагы жана Кулжа шаары» сыяктуу маанилүү эмгектерди жараткан. Черняевдин 1864-жылдагы согуштук жортуулуна катышкан. Бул операция Эвлия Ата сепилине жана анын айланасына багытталган. Чокан бул аймактарды Орусияга кошуу дипломатиялык жол менен болот деген пикирде болгон. Ал талаада аскердик-согуштук операция идеясын кабыл алган эмес. Черняевдин операция учурундагы карапайым калкка жасаган мамилесин туура көрбөй реакция катары Верный сепилине чегинген. Командачылыктан тышкары бул аракетинен улам аскердик наамы төмөндөп, Чокан Албан уруусунун султаны Тезектин айылына көчүп кеткен. Бул жерде ал эжеси менен жашоосун уланткан жана 1865-жылы өпкө оорусунун кесепетинен ушул жерде каза болгон.
Чокан Валиханов казак элинин тарыхы, адабияты жана маданияты боюнча бала кезинен тарта көңүлүн бурган изилдөөлөрү менен казактын алгачкы интеллигенция өкүлдөрүнүн катарына кирет. Ал чыгармаларында түрк элинин үрп-адат, каада-салтына көп басым жасаганын көрөбүз. Кызмат учурунда ар бир барган жерин кылдаттык менен жазып алган Валихановдун эмгектерине бүгүнкү күндө да көп кайрылышат. Ал өзүнүн жыйырма тогуз жылдык өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн казак тарыхын, адабиятын, этнографиясын жана өз өлкөсүнүн руханий байлыгын изилдөөгө арнап, бул жагынан чоң ийгиликтерге жетишкен. Анын эмгектеринин жыйнагынын биринчиси 1887-жылы Петербург университетинин профессорлорунун бири Потаниндин колдоосу менен Веселовскийдин редакциясы астында басылып чыккан. Анын өтө кылдаттык менен жыйналган илимий макалалары, жазуулары, каттары, кол жазмалары жана сүрөттөрү 100 жылдыгына карата «Собрание сочинений в пяти томах» деп аталган беш томдук жыйнагы жарык көргөн. Чокан Валихановдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу көптөгөн изилдөө китептери, аңгемелер, пьесалар, романдар жана дипломдук иштер жазылып, анын өмүр жолу көптөгөн кино жана даректүү тасмалардын темасы болгон.
Чокан Валихановдун урматына Көкчетаудагы бир жерге, Көкчетаудагы педагогикалык институтка, Көкчетау жана Талды-Корган областтарынын колхоздору менен совхоздоруна, Алма-Атада - Казак ССР Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтуна, №68-чи орто мектепке жана борбордогу көчөлөрдүн бирине анын ысымы ыйгарылган. Мындан тышкары Валихановдун эстеликтери Алма-Атада Көкчетауда тургузулган. Мүрзөсүнө эстелик коюлуп, мемориалдык комплекс курулган. Валихановдун урматына, социалдык жана географиялык илимдер жаатындагы жогорку жетишкендиктер менен бирге көркөм өнөр жана архитектура тармагындагы Мамлекеттик Сыйлыкка татыктуу болгон Казак ССР Илимдер Академиясынын сыйлыгы ишке киргизилди.
ТРТнын кыргызча бөлүмү үчүн программаны даярдаган Назгүл Кадырова
SİN