Трамптын дүйнөсү
Апталык анализ - 47.2024
Трамп дүйнөсүнүн алдыбыздагы 4 жылынын жакшы болбой тургандыгы анык, бирок дагы да начарлап же начарлабай тургандыгы белгисиз. Трамптын жаңы тышкы саясат жана коопсуздук командасы МАГАнын (Американы Кайрадан Улуулат) алгачкы мезгилине салыштырганда бир топ кылдат жана радикалдуу линияны талап кылууда. Алгачкы мезгилде МАГА 1.0 «Биринчи Америка» деген урааны менен гиперреалисттик тышкы саясатты көрсөткөн, бирок бул ыкма АКШнын дүйнөлүк лидерлигин бекемдей албастан, экономикалык көйгөйлөрдү чечпестен Россия менен Кытайды көзөмөлдөй алган эмес. АКШнын глобалдык күч таймашында артыкчылыкка ээ болору күтүлүп жаткан кезде, бул стратегия каалаган натыйжаны бербестен эл аралык мамилелердеги Америка прагматизми өзгөчө Глобалдык түштүктө колдоочу мамилеге айланган.
СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.
Жаңы мезгилде Трапмтын командасында коргонуу жана тышкы саясат тармагында бир катар ысымдар орун алууда. Коргоо министрлигине талапкер Пит Хегсет салттуу Америка коопсуздук түзүлүшүнүн тышында, динчил бир сионист катары белгилүү. Тышкы иштер министрлигине талапкер Марко Рубионун болсо эл аралык дипломатия тажрыйбасы жок, Израиль жактоочусу бир ысым. Бул ысымдар Трамптын тышкы саясат боюнча командасы интернационализмдин консервативдүү салтынан алыс, көбүнчө популисттик, милитаристтик коопсуздук саясатын жүргүзүп жатканын көрсөтүүдө. Трамп жана командасы аскердик күч коркунучу жана санкциялардын дипломатиялык таасирлерди арттырарына ишенет бирок мындай ыкмалардын глобалдык туруктуулукту түзүүнүн ордуна дагы көп баш - аламандык жаратат деген тынчсыздануу бар.
Өзгөчө Израиль саясаты Трамптын командасы үчүн алдыңкылык берилген тема катары алдыга чыгууда. Израилди жактаган мамиле Газаны жок кылуу, Батыш Шерианын аннексияланышы жана Түштүк Ливандын оккупациясы сыяктуу стратегиялык максаттар менен шайкеш келбесе да бул максаттардын ишке ашырылышы кыйын. Трамп башкаруусунун бул колдоо менен Израилге ачык чек бериши, аймактагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда АКШнын Израилге берген колдоосу Жакынкы Чыгышта узун мөөнөттө дагы чоң туруксуздукту жаратып жана АКШны аймакта изоляцияланган бир позицияга киргизиши мүмкүн.
Иран маселеси да Трамп башкаруусунун кыйын темаларынын бири. Иран алсырап баратышы мүмкүн, бирок аймактык кризистерди жаратуу мүмкүнчүлүгүн сактап жаткандай. Трамптын Иранга көбүрөөк санкция жана аскердик күч колдонуу аркылуу кысым көрсөтүү стратегиясы Иранды агрессивдүү саясат жүргүзүүгө мажбурлайт. Мындай мамиле Перс булуңундагы өлкөлөрдү ого бетер аялуу кылып, аймактык коопсуздукка олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Ушул себептен реалдуу жана узун мөөнөттүү чечим үчүн өзөктүк сүйлөшүүлөргө кайтуу жана аймактык макулдашууну кубаттоонун зарыл экени белгиленди.
Россияга байланыштуу маселе Трамп башкаруусунун стратегиялык кыйынчылыктарынын бири. Украина согушун токтотуу үчүн жолдорду издөөдө Трамптын аскердик баш тарттыруучулукка таянган "ал - бер" түшүнүгүн жактырышы, Европаны коргоосуз калтырып, НАТОну алсыратышы мүмкүн. Россия Украинадагы согушта жеңилбейт жана ок атышууну токтотуу үчүн олуттуу даярдыктарды да көрбөй жатат. Трамптын Украинага жардамдарды азайтуу саясаты Россиянын колун бекемдеп, Европанын коопсуздук архитектурасына коркунуч келтириши мүмкүн. Кенен масштабдуу жана улантууга боло турган бир тынчтык планы үчүн Россия да кабыл ала турган шарттарда жаңы чечимди иштеп чыгуу керек болушу мүмкүн.
Трамп башкаруусу үчүн эң орчундуу маселелердин бири Кытай. Кытайга каршы жүргүзүлгөн экономикалык кысым саясаттарынын Трамп убада кылган экономикалык оңолууну камсыз кылуунун ордуна АКШны чоң кризистерге сүйрөшү мүмкүн экендиги белгиленүүдө. Кытайдын экономикалык обочолонуусу максатталып, мындай катаал саясаттардын глобалдык экономикалык кризиске алып келүү жана АКШнын дүйнөлүк лидерлигин алсыратуу коркунучу бар. Өзгөчө Кытай жаңы союздаштарды алуу менен стратегиялык артыкчылыкка ээ боло алат. Бул жагдай АКШнын Кытайга каршы күрөштө бир кыйла татаал жана узак мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгууга муктаж экенин көрсөтүүдө.
Натыйжада Түркия - Америка карым - катнаштарында геосаясий жана аскердик динамикалардын мааниси баса белгиленүүдө. Трамп башкаруусу Түркиянын Сириядагы коопсуздук тынчсыздануусун жана ЙПГга байланыштуу сезимталдыкты көз жаздымда калтырбашы керек.
Түркиянын Россия, Жакынкы Чыгыш жана Кытайдын алкагында маанилүү стратегиялык варианттарды сунуштаганы белгиленди. Анкаранын приоритеттерин эске албаган саясат эки өлкөнүн мамилесине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок Ирандын тең салмактуу күчкө айланышы жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна Америка Кошмо Штаттарынын аймак үчүн акылга сыярлык жана тең салмактуу стратегияны жүргүзгөндө гана ишке ашат.
Натыйжада Трамптын экинчи мөөнөтүнүн калыптанышында АКШнын өзүнүн саясаты гана эмес, дүйнөлүк державалардын жана аймактык актерлордун реакциялары да чечүүчү болоору баса белгиленди. Трамптын мүмкүн болгон кризистерди алдын алуу үчүн АКШнын чек араларын эске алган биргелешкен мамилени кабыл алуусу маанилүү.