Эдирненин ак сыры
Түркиянын географиялык каттоодон өткөн азыктары-45
ЭДИРНЕНИН АК СЫРЫ
Катталган күнү: 10.05.2004
Түркиянын батыш дарбазасы Эдирненин атынан коюлган жана кой, эчки, уйдун сүтүнүн аралашмасынан жасалган «Эдирне ак сыры» шаардын соода жана өнөр жай палатасынын арызы менен 2004-жылы Түркиянын географиялык каттоодон өткөн азыктарынын арасына киргизилген. Тунжа, Мерич, Арда жана Эргене дарыялары түзгөн дельталардагы табигый эндемикалык өсүмдүктөр менен азыктанган жаныбарлардын сүтүнөн өндүрүлгөн Эдирне ак сырынын абдан өзгөчө жыты жана даамы бар. Эдирненин ак сыры сарыга окшош ак түстө жана каймак сымал түзүлүшкө ээ. Таттуу, туздуу жана бир аз кычкыл даамы бар сырды өндүрүүдө сүт, табигый ачыткы жана деңиз тузу гана колдонулат. Сырдын өндүрүлүшүндө колдонула турган сүт алгач 65 градус Цельсийде пастеризацияланат, андан соң муздатылат жана ачытылат. Ачытылган жарым бышкан сыр бөлүкчөлөрү майда бөлүктөргө кесилип, суусунун сарыгышы үчүн бастырылат. Сырдын жумшактыгы жана катуулугу бастыруу убактысына жараша өзгөрөт. Бастырылган бөлүктөр калыптарга кесилгенден кийин үстүнө туздуу суу кошулуп 16 саатка коюлат. Андан соң үстүнө иштетилген деңиз тузу кошулуп, дагы 24-30 саат коюлгандан кийин 18 килограммдык кутуларга толтурулат. Кутулардын оозу аба кирбегидей түрдө жабылып, муздак сактоочу жайга алып барылат. Муздак чөйрөдө кеминде 90 күн жетилген сыр колдонууга даяр болот.