Хакас түркчөсү
Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү - 19.2024
Сүйүктүү окурмнадар, "Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү" аттуу программабыздын 19 – чыгарылышына кош келдиңиздер. Программабыздын мурунку бөлүгүндө тарыхта ар кайсы коом, түрдүү окумуштуулар тарабынан ар кандай ат менен аталып, бирок өздөрүн тыва же тыва кижи деп тааныштырган тува түрктөрү, тува түрктөрү жашаган жер жана тувалар жөнүндө сөз кылганбыз. Бүгүн эң байыркы түрк тарыхы жана маданияты жашаган Сибирь аймагынын эң байыркы түрк калктарынын бири болгон хакас түрктөрү, хакас түрктөрү жашаган жер жана хакас түрк тили тууралуу сөз кылабыз.
Илимий булактарда Минусин, Абакан же Энесай татарлары деп аталган хакас түрктөрү Түштүк Сибирде жашаган эң байыркы түрк калктарынын бири. Кытай булактарынан алынган маалыматтарга караганда пайда болушу 8 – 9 – кылымдарга чейин барган жана этникалык теги жактан Энесай кыргыздары менен байланышынын бар экендиги кабыл алынган хакас түрктөрү падышачылык Россия мезгилинде башка түрк уруулары сыяктуу татарлар деп аталган. Хакас түрктөрү бүгүнкү хакас аты менен октябрь революциясынан кийин башкача айтканда белгилүү тарыхчы Николай Козьминдин идеясынын таасири менен Тан династиясынын жылнаамаларында Ортоңку Энесай өрөөнүндө курулган Хягас мамлекетинен таасирленип 1917 - жылы 20 – 30 - июль күнү Чарков айылында болгон улуттук курултайдан кийин атала баштаган.
Хакас түрктөрү негизинен Россия Федерациясынын ичинде орун алган жана борбор шаары Абакан шаары болгон Хакас Республикасында жашашат. Өлкөнүн калкынын саны 2023 - жыл 1 - январдагы статистикага караганда 530. 200 киши бирок хакас түрктөрү бул калк санынын 12. 71 гана түзүүдө. Хакастар өзгөчө Красноярский крайы менен Тува Республикасынын түрдүү айыл жана шаарларында чачыранды түрдө жашап жатышат.
Хакас түрктөрү көп жашаган Хакас Республикасынын чектери байыркы түрк тарыхы жана маданияты жашаган бир аймак. Бул аймак орустар тарабынан басып алынганга чейин орустар кыргыз жерлери деп атаган. Аймак орустар тарабынан басып алынгадан кийин Улуу Петр же 1 - Петрдын 1707 – жылдагы жарлыгына ылайык Минусинк крайы болуп падышачылык Россия империясына кошулган. Андан кийин советтер союзунун ичинде орун алган Хакас жерлери 1991 - жылы июнь айында Хакас автономиялуу аймагынан Хакас Республикасына айландырылды.
Тарыхый диний шаманизмдин айрым элементтери менен бирге христинадыкты да жактырган хакас түрктөрүнүн негизги тили азыркы күндө сүйлөшүлгөн түрк тилдеринин арасында байыркы кыргызчанын издерин алып жүрүү сыяктуу орток өзгөчөлүктөрү жактан фу - ю түркчөсү, шор жана сары уйгурча менен жакындыкты көрсөтүүдө. Түрк тилдеринин географиялык жана лингвистикалык негиздерге карата классификацияланышында түндүк - чыгыш же Сибирь тобунда орун алган.
Жазуу тили катары Сибирдеги башка түрк тектүү коомдор сыяктуу байыркы түрк рун жазуусун активдүү түрдө колдонгондугу билинген хакас түрктөрүнүн жазма тил салты түрк - монгол кыймылы менен үзгүлтүккө учураган. Андан кийин орус бийлигине чейинки мезгилде хакас хандары «Калмак жазуусун» үйрөнүп кат алышууларда монгол тилин колдонушкан. 17 - кылымдан бери 270 жылга жакын орус империясы андан кийин советтер союзу жана акыркы болуп Россия Федерациясына караштуу болуп орустар менен карым - катнашта болгон хакас түрктөрү 1924 – 1926 - жылдардан тарта орус алфавитинин негизинде даярдалган хакас алфавитин колдонушууда.
Сибирдеги башка түрк тилдерине караганда хакас түркчөсү бүгүн орус тилинин таасири астында. Бул таасир сүйлөө речинде дагы көп сезилүүдө. Өзгөчө 20 - кылымда орус тили хакас түркчөсүнө кысым кылып тилдин коомдук тармакта колдонулушун чектеген жана бул тилде сүйлөгөндөрдүн санынын азайышына себеп болгон. Ошондуктан хакас түркчөсү азыркы күндө көпчүлүк учурда элет аймактарында жана кары - картаңдардын арасында сүйлөшүлүп, жаштардын арасында колдонуу деңгээли азайган. 1990 - жылдарда советтер союзунун таркашынан кийин Хакасияда хакас түркчөсүн жандандыруу аракеттери ылдамдап, мектептерде хакас тилинде сабактардын саны көбөйгөн жана хакас тили тууралуу окуу материалдары иштелип чыккан жана эң негизгиси Хакасия Республикасынын расмий тили болсо да орус тили азыр да үстөмдүк кылгандыктан бул жандандыруу аракеттери чектелип калды. Ушул себептен хакас түркчөсү ЮНЕСКОнун 2010 - жылы жарыялаган «Коркунуч астындагы тилдердин кызыл китебинде» коркунуч астындагы тилдер» классына киргизилген.
Профессор доктор Гүлсүм Килли Йылмаздын кошкон салымы менен илимдин кандидаты Саида Бурханидинова даярдаган хакас түрктөрү, алардын жашаган жерлери жана хакас түркчөсүнө бөлгөн убакыттын акырына келдик кийинки чыгарылышыбызда түрк тилдери жайылган башка географияда жолугушуу тилеги менен саламатта болуңуздар.