Түрк республикаларынын ортосундагы интеграция
Евразия күндеми-45
“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикаларынын ортосундагы интеграция тууралуу кеп салабыз.
Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрь күнү Бишкекте Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) саммити өттү. Ошондуктан түрк республикаларынын ортосундагы интеграция багытында акыркы айларда болгон окуяларга көз чаптыралы. Ал эми саммит тууралуу кийинки программада маалымат беребиз.
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь-октябрь айларында Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагында ички иштер министрлери, энергетика министрлери, жаштар жана спорт министрлери, туризм министрлери, юстиция министрлери, улуттук коопсуздук кеңешинин төрагалары, диний кеңештердин төрагалары, картография мекемелеринин төрагалары, тышкы иштер министрлери, саламаттыкты сактоо министрлери, экономика жана соода министрлери, өнөр жай, илим, техника жана инновация министрлеринин жолугушуулары болду.
Түрк республикаларынын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу үчүн жаңы биримдиктер түзүлдү. Мисалы, 26-сентябрда түрк өлкөлөрүнүн шахмат союзу, 10-октябрда Түрк мамлекеттеринин Кызыл жарым ай жана кызыл чырым биримдиги түзүлдү.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрь күндөрү Астанада өттү. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Татарстан жана Якутиянын президенттери, Түркмөнстандын калк маслахатинин башчысы, эл аралык түрк уюмдарынын башкы катчылары, түрк республикаларынын спорт министрлери катышты.
9-11-сентябрда Бакуда Түрк дүйнөсү орток алфавит комиссиясынын 3-жыйыны өттү. Жыйындын соңунда 34 тамгадан турган Орток түрк алфавити боюнча макулдашууга жетишилгени жарыяланды.
20-сентябрь күнү Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун демилгеси менен «Кут алчуу билим жана түрк дүйнөсү» аттуу форум болуп өттү. 28-сентябрда Стамбулда Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан «Түрк дүйнөсүндөгү маданий мурастар жана аларды коргоо» аттуу конференция өткөрүлдү. 9-10-октябрь күндөрү Бишкекте Түрк мамлекеттеринин жасалма интеллект форуму болуп өттү.
11-октябрь күнү Ашхабадда «Заман менен цивилизациянын байланышы — азыркы дүйнөнүн жана өнүгүүнүн негизи» аттуу эл аралык форум болуп өттү. Форумга Иран, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Татарстандын президенттери, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы, Түрк Мамлекеттер Уюму, ТҮРКСОЙ сыяктуу эл аралык уюмдардын башкы катчылары катышты.
22-24-октябрь күндөрү Татарстандын борбору Казанда БРИКСтин 16-саммити өттү. Татарстандын раиси Рустам Минниханов бардык конокторду аэропорттон тосуп алып, узатты. БРИКС саммитине түрк республикаларынын президенттери да катышты. Рустам Минниханов Азербайжан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын президенттери менен жолугушту. Президент Минниханов эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн президенттер Илхам Алиев, Шавкат Мирзиёев жана Сердар Бердымухамедовго «Достук» медалын тапшырды.
3-октябрда 15 жылдыгын белгилеген Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) дүйнөдөгү кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын арасында өз ордун тапты. Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев белгилегендей, уюмдун алкагында 40тан ашуун багытта түрк республикаларынын ортосунда кызматташуу жана интеграция процесси активдүү уланууда.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова