Тува түркчөсү
Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү - 18.2024
Сүйүктүү окурмандар, «Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү» аттуу программабыздын 18 - чыгарылышында сиздер менен бирдиктебиз. Программабыздын мындан мурдагы бөлүгүндө түрк тилдери кеңири тараган өлкөлөрдүн бири Кытай Эл Республикасынын чек араларында жашап келе жаткан сары уйгур түрктөрү жана жашаган жерлери менен сары уйгур түркчөсү тууралуу кеп салганбыз. Бүгүн биз тарыхта ар кандай коомдор жана илимпоздор тарабынан түрдүү аттар менен аталган бирок өздөрүн тыва, тыва кижи деп тааныштырган тува түрктөрү жана жашаган жерлери менен тува түркчөсүнө токтолобуз.
Азыркы күндө өздөрүн тыва же тыва кижи деп атаган тува түрктөрү тарыхта түрдүү булактарда түрдүү аттар менен аталып келген. Көпчүлүк учурда Сойон жана Сойот деп да аталган тува түрктөрү тарыхчы Решидүддинде урянхит, Фишердин тарыхында Саян татарлары, лингивист Аделунгдун чыгармасында Саган татарлары, 19 - кылымда батыш булактарында сожотен «сойоттор», монголдор менен манчжурлардын расмий документтеринде уряңхай деп аталган.
Тува түрктөрү негизинен Россия Федерациясынын ичинде орун алган жана борбор шаары Кызыл шаар болгон Тува Республикасында жашашат. Өзгөчө Кытай жана Монголияда да тува түркчөсүнүн түрдүү говорлорунда сүйлөгөн тува жамааттары жашоодо. Өз республикасынан тышкары жерлерде жашаган тува түрктөрүнө бүгүнкү күндө да өздөрү жашаган мамлекеттердин ичинде жашаган аймактарга тиешелүү аталыштар менен кайрылышат. Мисалы Монголиянын Тсенгел аймагында жашаган тува түрктөрү үчүн Тсенгел тувалары, Хубсугул аймагында жашагандарга Духа, Ховд аймагындагыларга кобдо; Кытайдагы туваларды жуңгарлар, казактар да көк – мончактар деп аташат.
Тарых булактарында тува түрктөрүнүн теги жана этникалык түзүлүшү тууралуу бир нече маалыматтар берилген. Алардын бирөөсүнө караганда тува түрктөрү биздин эранын 5 - кылымында Енисей дарыясынын жогорку аймактарында бүгүнкү уйгур жана кыргыз түрктөрүнүн ата - бабалары менен коңшу болуп жашашкан. Аттары биринчи жолу 6 - кылымдагы Кытай жылнаамаларында дубо тактап айтканда тубалар деп катталып, этникалык калыптанышында самойед, кет жана монгол элементтеринин таасиринин бар экендиги айтылат.
Тарыхый мезгилдерде гунндар, көк түрктөр, уйгурлар, кыргыздар жана монголдор бийлик кылган жерлерде 1921 - жылы Тыва Арат Республикасы башкача айтканда Тува Эл Республикасы деген ат менен жашап келген бүгүнкү Тува Республикасынын калкынын саны 2023 - жыл 1 - январдагы статистикалык маалыматтарга караганда 337. 300 киши. Бул калк санынын 88,66 пайызын тува түрктөрү түзүүдө. Тува түрктөрү Сибирдеги түрк элдеринин ичинде жергиликтүү калктын өз республикасында жогорку катнашка (%88,66) ээ болуусу менен көңүлдөрдү бурууда.
Тува түрктөрү шаманизм, ламаизм жана христиан диндерине ишенишет.
Түрк жазуу тили биринчи жолу ортого чыккан жерлерде сүйлөшүлгөн жана Эски түрк тилине жакындыгы менен да көңүлдөрдү бурган тува түркчөсү түрк тилдеринин географиялык жана лингивистикалык негиздерге карата классификациялоодо Түндүк Чыгыш же Сибирь тобунда орун алат.
1930 - жылы латын тамгаларына карата даярдалган тува алфавитин колдонгон тува түрктөрү 1941 - жылы кирилицанын негизинде түзүлгөн тува алфавитин колдоно башташкан. Ошондуктан тува түркчөсү азыркы күндө жазуу түрүндө жана оозеки түрүндө да жашоосун улантууда. Ал түгүл тува түркчөсү азыркы күндө расмий жазышууларда, түрдүү коомдук саясий иштерде, билим берүү тили катары да колдонулууда. Ошол эле учурда тува түркчөсүндө көптөгөн адабий чыгарма жазылып, көп сандаган гезит жана журналдар жарыяланып, радио жана телекөрсөтүү программалары да берилүүдө. Тувалар эне тилдерин чоң өлчөмдө сактап келе жатышат. Ар бир муундун арасында негизги байланыш тили тува түркчөсү. Тува – орус эки тилдүүлүк көптөгөн шаарларда бар. Кош тилдүүлөрдө да биринчи тил тува түркчөсү. Ушул себептен да тува түркчөсү ЮНЕСКО 2010 – жылы жарыялаган «Коркунуч астындагы тилдердин кызыл китебинде» «коркунучта эмес тилдер» классына киргизилген.
Урматтуу радио угармандар, профессор доктор Гүлсүм Килли Йылмаздын кошкон салымы менен доктор Саида Бурханидинова даярдаган тува түрктөрү, тува түрктөрү жашаган жерлер жана тува түркчөсүнө бөлгөн убакыттын акырына келдик. Кайрадан башка бир түрк тили сүйлөшүлгөн географияда жолгушуу тилеги менен саламатта болуңуздар.