Евразия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-44

2204958
Евразия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрь күнү Молдовада Президенттик шайлоо жана Евробиримдикке кирүү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Президенттик жарышта азыркы президент Майя Санду 34,12%, мурдагы прокурор Александру Стояногло 30,9% добуш алды. Шайлоонун экинчи айлампасы 3-ноябрда өтөт. Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдумдун жыйынтыгы боюнча Евробиримдикке кирүүгө шайлоочулардын 50,07% макул, 49,93% каршы добуш беришти.

21-октябрь күнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Чехиянын Тышкы иштер министри Ян Липавскийди кабыл алды. Жолугушууда Казакстандын Чехия жана Евробиримдик менен болгон мамилелеринин ар кыл маселелери талкууланды.

22-24-октябрь күндөрү Казанда БРИКСтин 16-саммити болуп өттү. Саммитте тар жана кеңейтилген (БРИКС+) жыйындар болду. «Адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту чыңдоо» аталышындагы саммитке Азербайжан, Беларусь, Бириккен Араб Эмирликтери, Боливия, Босния-Герцеговина, Кытай, Түштүк Африка, Индия, Палестина, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Конго, Лаос, Мавритания, Египет, Өзбекстан, Орусия Федерациясы, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Венесуэланын президенттери, Индия, Армения, Эфиопия жана Вьетнамдын премьер-министрлери, Бахрейн, Бангладеш, Бразилия, Индонезия, Куба, Никарагуа, Шри-Ланка жана Тайланддын тышкы иштер министрлери, Бириккен Улуттар Уюмунун, Африка Биримдиги  сыяктуу эл аралык уюмдардын башкы катчылары, бардыгы болуп 36 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Саммитте эл аралык кризистер, көп полярдуу дүйнө, экономикалык кызматташтык, БРИКС санариптик төлөм системасы сыяктуу түрдүү маселелер талкууланды. Саммиттин соңунда Казан декларациясына кол коюлду. Саммиттин алкагында көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар болду. Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 13 өлкө БРИКСке мүчө болууну каалап жатканын билдирди.

БРИКС саммитинин алкагында Татарстандын Раиси Рустам Минниханов Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын президенттери менен жолугушууларды өткөрдү. Рустам Минниханов эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Илхам Алиев, Шавкат Мирзиёев жана Сердар Бердымухамедовго «Достук» медалын тапшырды.

22-октябрь күнү Самаркандда Казакстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын катышуусунда IV Аймактар аралык форум болуп өттү. Форумда Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында салыктан бошотулган соода аймагы ишке кирери айтылды. Тараптар биргелешкен соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышууда.

23-октябрь күнү Азербайжан Республикасынын Коргоо министри Закир Хасанов Кыргызстанга расмий иш сапары менен барды. Министр Хасанов Бишкекте кесиптеши министр Бактыбек Бекболотов менен жолугушту. Жыйындын соңунда эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда 2025-жылга карата аскердик кызматташтык планына кол коюлду.

 26-сентябрда Стамбулда Түрк Мамлекеттер Уюмунун өнөр жай, илим, технология жана инновация министрлеринин 1-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Венгрия, Өзбекстан жана Түркиянын тиешелүү министрлери катышты. Жыйындын соңунда Декларацияга кол коюлду. Кийинки жолугушуунун Бакуда боло тургандыгы жарыяланды.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар