Сары уйгур түркчөсү
Түрк тилинин сыйкырдуу дүнөсү - 17.2024
Уйгур түрктөрү 8 - кылымдын ортолорунда бүгүнкү Монголиянын территорияларында (745 – 840) курган мамлекеттеринин кулашы менен өз мекенин таштап, бир бөлүгү түштүккө, бир бөлүгү да түштүк - батышка көчүп барышкан. Түштүккө көчүп барган уйгур түктөрү Кансу уйгур мамлекетин, түштүк - батышка көчкөн уйгур түрктөрү Хочо уйгур мамлекетинин ичинде биримдикти түзүшкөн. Бүгүн Кытай Эл Республикасынын чектеринде сары уйгур түрктөрү деген ат менен билинген уйгур түрктөрү жогоруда аты аталган Кансу уйгур мамлекетинин; жаңы уйгур түрктөрү же болбосо бүгүнкү Чыгыш Түркистан географиясында жашаган уйгур түрктөрү болсо Хочо уйгур мамлекетин негиздегендердин неберелери экендиги белгилүү.
Урматтуу окурмандар, «Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү» аттуу программабыздын 17 - бөлүмүндө сиздер менен бирдиктебиз. Программабыздын мындан мурдагы бөлүмүндө тарыхый жана этникалык теги жактан күнүбүздө жашаган кыргыз түрктөрү менен байланышы болгонуна карабастан маданий, тил жана диний жактан айырмачылык көрсөткөн Фу - ю түркчөсү тууралуу сөз кылганбыз. Бүгүн түрк тили кеңири жайылган өлкөлөрдүн бири Кытай Эл Республикасында жашап жаткан сары уйгур түрктөрү, сары уйгур түрктөрү жашаган жер жана сары уйгур түркчөсү тууралуу кеп салабыз.
Тарыхта Кансу уйгур мамлекети жана Хочо уйгур мамлекети сыяктуу түрдүү мамлекеттердин түзүлүшүндө жаңы биримдикти түзгөн түрктөр азыркы күнү жашап жаткан географияда сүйлөгөн тили, маданий турмушу жана кабыл алган дини жактан айырмачылык көрсөтсө да баары эски бир түрк калкынын неберелери болот.
Сары уйгур түрктөрү бүгүн Кытайдын Кансу же Гансу аймагында өзгөчө Сунан сары уйгур автономиялуу округундагы аймактар менен бул аймактарга караштуу айылдарда жашашат. Бул аймактын тышында аз санда Чыгыш Түркистан же Син Цзян - Уйгур автономиялуу аймагынын Кумул шаарына караштуу Дацюаньван шаарчасында, Гетацин айылы менен Чанжи Дунган автономиялуу аймагына караштуу Манасы районунда жашашат. Сары уйгур түрктөрүнүн негизги жашаган жери Кансу аймагына караштуу Сунан сары уйгур автономиялуу округундагы калктын саны каттоолорго караганда 10.400гө жакын.
Тектештери тарабынан «Сарыг, сериг, сары уйгур» деп аталган сары уйгур түрктөрү өздөрүн «йугур/ йогур» ал түгүл сары уйгур, йугур» деп аташат. Кытай булактарында эң көп монголдор мезгилинен бери «сары угйгур» деген маанини билдирген түрдүү аталыштар менен алдыбызга чыккан сары уйгурлар чагатай түркчөсүндө жазылган «Тарих - Решид» аттуу чыгармада да «сары уйгур» деген ат менен сөз болгон. Азыркы күндө Кытай Эл Республикасынын каттоолорунда «Йугу» деген ат менен таанылат.
20 - кылымдан тарта башталган сары уйгур изилдөөлөрүндө Кансу жакындарындагы сары уйгурлардын аты менен аталган «сары» же «сариг» деген сөз үчүн түркологдордун түрдүү көз караштары билдирилген. Алардын айрымдары сары уйгур түрктөрүнүн сары баш кийим кийгендиги, сары чачтуу болгону же сары кийим кийгени тууралуу.
Сары уйгур түрктөрүнүн басымдуу бөлүгү буддист - ламайисттер. Алардын айрымдары эски динин шаманизмди улантышууда.
Сары уйгур түркчөсү түрк тилдеринин географиялык жана лингвистикалык негиздерге карата квалификацияланышында түндүк - чыгыш же Сибрь тобунда орун алууда. Бул квалификациядан да билингендей бүгүн негизинен Чыгыш Түркистанда сүйлөшүлгөн уйгур түркчөсүнөн айырмаланган сары уйгур түркчөсү азыркы күндөгү түрк тилдеринин арасында эң көп хакас, шор жана фу – ю түркчөлөрү менен жакындык көрсөтүүдө.
Бүгүнкү күндө сары уйгурлардын жазма тили жоголуп, оозеки деңгээлде гана колдонулуп келет. Сары уйгур түрктөрү жашаган географияда расмий жана билим берүү тилинин кытай тили болушу, тилдин социалдык жана маданий артыкчылыктарынын кеңири болушу сары уйгур жаштарынын эне тилин колдонушун азайтты. Ошондуктан ЮНЕСКО тарабынан 2010 - жылы жарыяланган Коркунуч астындагы тилдердин кызыл китебинде сары уйгур түркчөсү «жок болуп бара жаткан тилдер» категориясынан орун алды.
Сүйүктүү окурмандар, прфессор доктор Гүлсүм Килли Йылмаздын кошкон салымы менен илимдин кандидаты Саида Бурханидинова даярдаган сары уйгур түрктөрү, сары уйгур түрктөрү жашаган жерлер жана сары уйгур түркчөсүнө бөлгөн убактыбыздын акырына келдик. Кийинки программабызда башка бир түрк географиясында жолугушуу тилеги менен саламатта болуңуздар.