Фу - йү түркчөсү
Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү-16
Фу - йү түркчөсү
Урматтуу окурмандар, «Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү» аттуу программабыздын 16-чыгарылышына келдик. Программабыздын мурунку бөлүгүндө Кытай тарабынан расмий түрдө түрк жана мусулман катары кабыл алынган, кээ бир булактарда Кытайда огуздар же кытай түркмөндөрү катары да белгилүү болгон Салар түрктөрү, Салар түрктөрү жашаган жер жана Салар түркчөсү жөнүндө кеп салганбыз. Бүгүнкү күндө тарыхый жана этникалык теги боюнча азыркы жашап жаткан кыргыз түрктөрү менен байланышы болсо да маданий, тил жана диний жактан айырмаланган фу-йү түрктөрү, фу-йү түрктөрү жашаган жер жана фу-йү түркчөсү тууралуу кеп салабыз.
Өткөн XX-кылымда, башкача айтканда 1950-жылдары кытай изилдөөчүсү жана тилчи Ху Чжэнхуа тарабынан ачылган, 1966-жылы татар тектүү орус тилчи жана түрколог Эдхем Рахимович Тенишев тарабынан илим дүйнөсүнө киргизилген фу-йү түрктөрү бүгүнкү күндө Кытайдын чек араларынын ичиндеги Манчжурия (Хей Лон Цзян) чөлкөмүнө караштуу Фу-йү шаарчасынын тегерегиндеги айылдарда негизинен Вудзяци жана Цицзяци кыштактарында жашашат. Фу-йү түрктөрүнүн калкынын саны болжолдуу маалыматтар боюнча 1000ден 2000ге чейин өзгөрөт.
Өздөрү жашаган жерден атын алган Фу - йү түрктөрүнүн сөз болуп жаткан аймакка качан, кантип келип отурукташкандыгы тууралуу ар кандай пикирлер бар. Алардын биринин айтымында, фу-йү түрктөрүнүн ата-бабалары 17-кылымдын экинчи жарымында Алтай жергесинен көчүп, Кинган тоолорун ашып, Кытайдын түндүк аймагына келишкен. Башка бир көз карашка караганда, алар император Чен Лундун (1736 - 1796) тушунда азыркы Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан көчүп келишкен. Ху Чжэнхуа болсо чөлкөмдөгү монголдор Чен Лун династиясынын тушунда азыркы Монголиянын аймагынан келгендигин билдирип, фу-йу түрктөрү 1761-жылы ошол эле династия Жунгарияга басып киргенден кийин Алтайдан аскерге алынып, ошону менен көчүп келгендигин айтат. Кытай булактарында фу-йү түрктөрү 13-кылымдын аягында монгол императору Хубилай хандын (1214 - 1294) тушунда Енисей аймагынан келип, Кытайдын түндүк-чыгышындагы батыш аймактарга жана Чичикарга жакын аймакка отурукташканы айтылат.
Фу-йү түркчөсүнүн негизин 16-к. жана 17-кылымдардагы Енисей кыргыз тили түзөт. Енисей кыргыздарынын булагы – байыркы кыргыздардын IХ-чу жана XI- кылымдардагы тилдери болуп саналат. Ушундан улам Фу-йү түркчөсү Фу-йү кыргыздары деп да аталат. Ошого карабастан Кытайдын эң чыгыш бөлүгүндө сүйлөгөн Фу -йү түрк же Фу -йү кыргыздары бүгүнкү Түркстан географиясында, негизинен Кыргыз Республикасында сүйлөгөн кыргыз тилинен абдан айырмаланат. Дин катары шаманизмге, жарым-жартылай лама динине кирген фу-йү түрктөрүнүн эне тили байыркы кыргыздардын изи бар хакас, шор жана сары уйгур тилдерине жакын.
Фу-йү түрктөрүнүн аксакалдары өздөрүн Xыргыс, Гыргыс деп аташат. Жаштар болсо кытайлардын таасиринен улам Тиртиз деп аташат. Жергиликтүү монголдор аларды Циркис деп аташкан. Түрк диалектилеринин географиялык жана лингвистикалык негиздер боюнча классификациясында түндүк-чыгыш же Сибирь тобундагы Фу-йү түрк тили бүгүнкү күндө өзүнүн функционалдуулугун жоготуп, 2000-жылдардан бери бул тилде сүйлөгөндөрдүн саны кыйла азайган. Ошондуктан, фу-йү түрктөрү күнүмдүк турмушунда Өлөт монгол жана кытай тилдерин колдонушса, билим берүү тили катары кытай тилин тандашкан. Ал 2010-жылы ЮНЕСКО тарабынан чыгарылган «Жоголуу коркунучу алдында турган тилдердин Кызыл китебине» «жоюлуп бара жаткан тилдер» категориясына киргизилген. Бул тилде сүйлөгөндөрдүн саны өтө аз болгондуктан, тилдин аман калышы үчүн тез арада коргоо жана колдоо керек.
Урматтуу окурмандар, проф.др. Гүлсүм Килли Йылмаздын салымдары менен д-р. Саида Бурханеддинова даярдаган, фу-йү түрктөрүнө, фу-йү түрктөрүнүн жашаган жерине жана фу-йү түркчөсүнө арналган бөлүмдүн аягына жеттик. Кийинки бөлүмдө түрк диалектисинде сүйлөгөн башка географияда көрүшкөнчө, саламатта болуңуз.