Израиль эки фронтто бир учурда согушуп жатат
Апталык анализ-42
Израиль эки фронтто бир учурда согушуп жатат
Израиль армиясы Газадагы басып алуу жана кыргындарын улантып, Түштүк Ливанда да басып алууну тереңдетүүгө аракет кылууда. Израиль армиясы бир канча убакыттан бери чек ара тилкелериндеги Хизбулла позицияларына каршы атайын күч операцияларын жүргүзүп, аймактагы коргонуусун да күчтөндүрүүдө. Бирок Газада да, Ливанда да каршылык көрсөтүү күчтүү түрдө уланууда. Израилдин эки фронтто бир убакта жүргүзгөн операцияларында кыйынчылыкка дуушар болуп, чоң жоготууларга учурап жатканы көрүнүп турат. Мунун баарына карабастан Израиль Сириядагы Голан-Кунейтра линиясында буфердик аймак түзүүгө аракет кылууда. Бир тараптан Иранга каршы абадан операция жүргүзүүгө даярданууда. Нетаньяху жана анын согуш кабинети чоң кумар ойноп жатышат.
SETA / Тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул темадагы сереп салуусу...
Нетаньяху жана анын согуш кабинети Израилдин күчүн татаалдаштыра турган чоң кумар ойноп жатышат. Израиль армиясы учурда Газа жана Түштүк Ливандын аймагында кургактык согушун улантууда. Газадагы Кассам бригадалары ассиметриялуу каршылыгын улантып, Израилдин кургактагы армиясынын олуттуу жоготууларга учурашына алып келүүдө. Ошо сыяктуу эле Түштүк Ливанда да Хизбулланын партизандык ыкмасындагы каршылыгы күчөп баратат жана Израиль армиясы бул фронтто да жоготууларга учурап жаткандай. Армиянын экиге бөлүнүшү аба күчтөрүн жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн да татаалдаштырган абалды жаратууда. Кайрадан Израиль медиасынын билдиргенине караганда, армияда танк жана артиллериялык ок-дарылар жетишсиз болуп жатат. Хизбулла да ракеталык жана камикадзе учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдарын көбөйтө баштады. Уюм Хайфага жана анын айланасына эффективдүү сокку ура баштаганда Израилдин жоготуулары да артууда. Хайфанын түштүгүндө кеминде 50 км тереңдикте жайгашкан Голани базасына Камикадзе учкучсуз учуучу аппараттары менен сокку уруусунун натыйжасында көптөгөн израилдик аскерлер каза тапты жана жаракат алды. Булар эки фронтто тең болуп жаткан кезде Ирактагы Исламдык каршылык көрсөтүү жана Йемендеги Ансаруллах кыймылы мезгил-мезгили менен Израилди бутага алууну улантууда. Израиль болсо Сириянын Голан-Кунейра аймагында буфердик аймак түзүү үчүн жылып жатат. Анан албетте Иранга каршы ири аба операциясына даярданууда. АКШнын THAAD абадан коргонуу системалары Израилге жетти жана Израиль каалаган убакта Иранга каршы чабуул жасай алат. Ирандын бул чабуулга жооп кайтарары күтүлүүдө.
АКШнын чексиз колдоосуна карабастан бардык бул фронттордо бир эле учурда узакка созулган согушка сүйрөлгөн Израиль армиясы жана албетте анын эли дагы канчага чыдай турганы чоң суроо туудурат. Нетаньяху жана анын кабинети чоң кумар ойноп жатышат бирок ар бир кумар оюнчусу сыяктуу алар да акыры утулушат.