Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-41

2197237
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикалардын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 2-4-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Италияда жана Ватиканда болду. Президент Жапаров Италиянын президенти Сержио Маттарелла, премьер-министри Жоржия Мелони, парламенттин спикери Лоренцо Фонтана жана Сенаттын төрагасы Игнацио Ла Русса менен өз-өзүнчө жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Италиянын ортосунда 4 келишимге кол коюлду. Иш сапардын алкагында Римде “Кыргызстан” паркы ачылып, эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда иш форуму болуп өттү. Бишкек менен Рим шаарларынын ортосунда боордоштук келишимине кол коюлду. 4-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапарпов Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушту. Президент Жапаров ошондой эле Ватикандын мамлекеттик катчысы, кардинал Пьетро Паролин менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселесин талкуулады.

3-октябрь күнү Астанада Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн Дин иштери жана Дин башкармалыктарынын башчыларынын 3-жыйыны болуп өттү. Жыйынга уюмга мүчө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан республикаларынын муфтийлери жана дин башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Жыйындын соңунда “Фатва комитетинин жобосу” жана “Ислам элдик салттан пайдаланат” аттуу эки документке кол коюлду. Астанада өткөн “Ахмет Йасави жана анын руханий мурасы” аттуу эл аралык конференцияга түрк республикаларынын муфтийлери да катышты.

4-октябрь күнү Астанада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Улуттук коопсуздук жана чалгындоо мекемелеринин жетекчилеринин 55-жыйыны өттү. Жыйындын катышуучуларын Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев кабыл алды. 1-октябрда Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аскерлеринин катышуусунда “Кебелбес бир туугандык-2024” аскердик машыгуусу башталды.

30-сентябрдан 1-октябрга чейин Анкарада Түрк Мамлекеттер Уюмунун Картография мекемелеринин жетекчилеринин 1-жыйыны болуп өттү. Жыйында Түрк дүйнөсүнүн орток картасын даярдоо үчүн Жумушчу топтун түзүлүшү боюнча чечим кабыл алынды.

2-октябрь күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Үнал Үстел Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барды. Премьер-министр Үстел Анкарада Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугушту. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Премьер-министр Үстелди кабыл алды.

3-октябрь Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) түзүлгөн күнү. 3-октябрда Анкарада Нахчыван келишимине кол коюлганынын 15 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ), Түрк инвестициялык фонду, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясы, Эл аралык Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙ жана Түрк соода-өнөр жай палатасы сыяктуу түрк республикаларынын эл аралык уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда «Түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектеги перспективалары» аттуу панелдик жыйын өттү. 4-октябрда Анкарада Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары уюмдун Кыргызстанда өтө турган саммитине байланыштуу консультациялык жыйын өткөрүштү.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар