Кастамонунун Аздавай кийими
Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-39
Кастамонунун Аздавай кийими
Катталган күнү: 12.11.2020
Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги Кастамону шаарынын Аздавай районунун атынан аталган «Аздавай кийими» аймакта жашаган аялдар тарабынан токулган, күнүмдүк жашоодо жана өзгөчө учурларда колдонулган кийим. Аймактын нукура тарыхын чагылдырган «Аздавай кийими» райондук муниципалитеттин арызы менен 2020-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүм катоосунан өткөн өнүмдөрүнүн арасына кирген. Аздавай кийими башка кийүүчү такыя, такыяны кармап турушу үчүн "ээк жиби", "пача" деп аталган шалвар, энтари жана "делме" аттуу кемселден, кур жана алжапкычтан турат. Үстүндө ар түрдүү деталдар колдонулган аялдын үй-бүлөдөгү ордунан кабар берген Аздавай кийими, райондун айылдарында колго өндүрүлүүдө. Кийимдин ар бир бөлүгү өзүнчө даярдалгандан кийин чеберчиликти талап кылган процесстер менен айкалыштырлат. Кездемеге ар түрдүү кол саймалары жана мончоктор менен оюмдар чийилип, ак жана кызыл тор саймалар өзгөчө көзгө урунат. Кийимдин негизги түсү кызыл, бирок баш кийим, кур жана алжапкычта көптөгөн түстөр, анын ичинде ак жана кара, ошондой эле жашыл, сары жана көктүн ар кандай өңдөрү колдонулат. Жыгач токуу станокторунда чектелген санда өндүрүлгөн «Аздавай кийими» аймактын эң маанилүү туристтик өнүмү болуп саналат жана ар бир кийимди жасоого бир айга жакын убакыт кетет.