Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
Евразия күндеми-39
“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикалардын күн тартибиндеги окуялар тууралуу сөз кылабыз.
Үстүбүздөгү жылдын 15-18-сентябрь күндөрү Германиянын Канцлери Олаф Шольц Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстанда жана Казакстанда болду. Премьер-министр Шольц алгач 15-16-сентябрь күндөрү Өзбекстанда расмий иш сапары менен болду. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд шаарында Олаф Шольц менен жолугушту. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда 8 келишимге кол коюлду. Лидерлер эки өлкөнүн ишкерлери менен жолугушуп, мамлекеттик кызматкерлерди даярдай турган биргелешкен окуу жайдын ачылыш аземине катышышты.
Өзбекстандан Казакстанга барган Германиянын канцлери Шольц 17-сентябрда Астанада өткөн 2-Борбор Азия-Германия саммитине катышты. Саммитке Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери толук катышты. Саммиттин соңунда Биргелешкен декларацияга кол коюлду. Саммиттин алкагында лидерлердин ортосунда эки тараптуу жолугушуулар болду. Борбордук Азия республикаларынын президенттери алман бизнес чөйрөсүнүн алдыңкы өкүлдөрү менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрүштү.
16-сентябрь күнү Бишкекте Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Энергетика министрлери кеңешинин 4-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Венгрия, Өзбекстан жана Түркиянын энергетика министрлери менен орун басарлары, тиешелүү өлкөлөрдүн элчилери катышты. Жыйындын соңунда жыйынтыктоочу декларацияга кол коюлду.
19-сентябрда Бишкекте Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин 4-жыйыны болуп өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жеенбек Кулубаев менен Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сиярто жетектешти. Жыйындын соңунда протоколго кол коюлду. Ушул эле күнү Анкарада 2024-Түркия-Венгрия маданият жылы симпозиуму өттү.
19-сентябрь күнү Түркстанда Түрк Мамлекеттери Уюмунун Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагаларынын 3-жыйыны болуп өттү. Жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчылары катышты.
19-сентябрь күнү Астанада Аралды калыбына келтирүү боюнча эл аралык фонддун директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тиешелүү министрлери катышты. Жыйындын соңунда 10 тапшырмадан жана 40тан ашуун иш-чараны камтыган Аралды куткаруу боюнча иш-чаралардын планына кол коюлду.
20-сентябрь күнү Бишкекте ТҮРКСОЙдун демилгеси менен “Кут алчу билим жана түрк дүйнөсү” аттуу форум болуп өттү. Форумга Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын илимпоздору катышты. Кыргыз Республикасынын Министрлер кеңешинин чечими менен 21-сентябрь өлкөдө Жусуп Баласагынды эскерүү күнү деп жарыяланган.
21-сентябрь күнү Москвада 20-Эл аралык мусулмандар форуму болуп өттү. Форумга Орусия-Ислам дүйнөсү стратегиялык тобунун төрагасы, Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов жана калган түрк республикаларынан өкүлдөр катышты. Форумдун алкагында Равиль Гайнутдин Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы болуп кайрадан шайланды.
Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев кол койгон жарлыкка ылайык 20-сентябрь өлкөдө Мамлекеттик эгемендүүлүк күнү катары белгиленет. Эсиңиздерде болсо, 2023-жылдын 19-20-сентябрында Азербайжан армиясы жикчил элементтерди өлкө аймагынан тазалап, Азербайжандын чек араcын толугу менен калыбына келтирген эле.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова