Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-36

2183406
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 28-август күнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары жана куралсыздануу иштери боюнча жогорку өкүлү Изуми Накамицуну кабыл алды. Жолугушууда дүйнөлүк саясаттын азыркы абалы жана Казакстандын дүйнөнү өзөктүк куралдан арылтуу аракети талкууланды.

28-29-август күндөрү Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Өзбекстанда расмий иш сапары менен болду. Министр Эрсой Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан кабыл алынды. Өзбекстан Республикасынын Маданият министри Озодбек Назарбеков менен Ташкентте жолугушкан министр Эрсой 2025-жылы Өзбекстанда Түркиянын маданият фестивалын уюштура тургандарын билдирди. Министр Эрсой иш сапарынын алкагында Өзбекстандын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүү министри Азиз Абдухакимов жана Өзбекстандын Туризм комитетинин төрагасы Умид Шадиев менен жолугушууларды өткөрдү.

28-август күнү Түркмөнстан Республикасынын Халк маслахатинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Иран Ислам Республикасына иш сапары менен барды. Гурбангулы Бердымухамедов Тегеранда Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкян жана диний лидер Аятолла Али Хаменей менен жолугушту. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда 4 келишимге кол коюлду.

29-август күнү Ооганстандын Кен байлыктар жана нефть министри Х. Бадри Түркмөнстанга келди. Министр Бадри Ашхабадда кээ бир жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда 4 келишимге кол коюлду. 30-августта Өзбекстан Республикасынын Энергетика министри Түркмөнстанда болду.

27-30-август күндөрү Самарканд шаарында 13-Эл аралык Чыгыш ырлары музыкалык фестивалы болуп өттү. ЮНЕСКО жана ИСЕСКОнун колдоосу астында уюштурулган фестивалга дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн 300дөн ашуун өнөрпоз катышты. Эл аралык Чыгыш ырлары музыка фестивалы 1997-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Өткөн аптада түрк жумурияттарында катар-катар майрамдар белгиленди. 30-августта Түркияда Жеңиш күнү, Казакстанда Конституция күнү белгиленди. Кыргызстан 31-августта, Өзбекстан 1-сентябрда эгемендүүлүк күндөрүн белгилешти.

 27-август күнү Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Түркияга расмий иш сапары менен барды. Министр Байрамов Анкарада Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.

28-август күнү Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасына иш сапары менен барды. Министр Уралоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар тарабынан кабыл алынды. Иш сапардын алкагында Лефкоша айланма жолунун курулушу башталды.

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев 30-августта Түркия-Азербайжан достук тобунун төрагасы Шамил Айрым жетектеген Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын делегациясын кабыл алды. Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын делегациясы парламенттик шайлоого байкоо салуу үчүн Азербайжанга барышты. 1-сентябрда өткөн шайлоого 598 чет элдик байкоочу көз салды.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар