Менген калдырык долмасы

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-36

2182759
Менген калдырык долмасы

БОЛУНУН МЕНГЕН КАЛДЫРЫК ДОЛМАСЫ (голубцы)

Катталган күнү: 19.07.2022

Ата мекени Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги аймактары болгон жана жазында ачкан кичинекей көк гүлдөрү менен таанымал «Калдырык» өсүмдүгү, Болунун дүйнөгө таанымал Менген районунун ашпозчулары жасаган өзгөчө тамакка атын берген. «Менген калдырык долмасы» жүгөрү жана буудай уну, пияз, сүт, күн карама майы, айран, туздан турган фаршты «Калдырык» өсүмдүгүнүн жалбырагына ороп бышырылышы менен жасашат. Менген муниципалитетинин кайрылуусу боюнча 2022-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнө кошулган «Болунун Менген калдырык долмасынын» үстүнө каалоого жараша бышарга жакын сүттүн каймагы кошулса болот. Тамакты даярдоодо болжол менен 250 грамм жүгөрү уну жана 125 грамм буудай уну, жарым литр сүт, 1 пияз жана 2 тиш сарымсак күн карама майы менен аралаштырып фаршка айландырылат. Мурда кайнатылган калдырык жалбырагынын ортосуна фаршты салып ороп казанга голубцы түрүндө тизгенден кийин үстүн көмгөндөй суу куюлуп 40 мүнөттөй бышырылат. Бышыруу процессинен кийин Менген калдырык долмасы ысык кезинде табактарга салынып, үстүнө айран куюлгандан кийин берилет. Калдырык өсүмдүгү жаз айларында жыйналгандыктан анын тамагы да ушул мезгилде гана жасалат.



Тектеш кабарлар