Кумук түркчөсү
Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү-10
Кумук түркчөсү
Кумук түркчөсү – кумук түрктөрү сүйлөгөн түрк диалекти. Кумук түрктөрү негизинен Орусия Федерациясынын Дагестан Автономиялуу Республикасында жашашат. Сөз болуп жаткан аймак Орусия Федерациясынын эң түштүк бөлүгүндө жайгашкан жана Азербайжан менен чектешет.
Дагестан түрк тилиндеги «тоо» сөзү менен фарсча «- стан» суффиксинин айкалышынан пайда болуп, «Тоолордун өлкөсү» дегенди билдирет. Анын борбору Махачкала шаары болуп саналат.
Кумук түрктөрү Дагестандын тышында Чечен жана Осетия республикаларында да жашашат. 2018-жылдагы маалыматтарга караганда, Дагестанда 300 миңден ашык, коңшу аймактарда 200 миңге жакын кумук түрктөрү бар экени кабыл алынган. Кумук түрктөрү Кавказда азербайжан түрктөрүнөн кийин саны жагынан эң көп жашаган түрк коому.
Учурда Түркиянын Чанаккале облусунун Бига районунда кумук түрктөрү жашаган айылдар бар. Түркияда жашаган кумук түрктөрү бул жерлерге, Кавказдагы орус баскынчылыгына каршы каршылык көрсөтүүнүн символуна айланган шейх Шамил 1859-жылы падышалык орус аскерлеринин туткунунда калуусунун натыйжасында эмиграцияга аргасыз болгон.
Тарых бою ар кайсы уруулардын көч жолдорунда болгон Дагестанда бүгүнкү күндө 30 түрдүү этнос бар. Кумук түрктөрү бул аймактын аварлар, даргилер жана лезгиндерден кийинки төртүнчү эң чоң этникалык тобун түзөт. Кумуктардын Дагестанга отурукташуусу бир нече түрдүү миграция толкундары менен ишке ашкан жана так болбосо да, биринчи жолу биздин замандын 7-кылымына таандык.
Кумук деген ысымдын келип чыгышы тууралуу ар кандай пикирлер бар. Бирок, Кумук аты айтылган эң байыркы тарыхый булак Махмуд Кашкаринин «Дивану Лугати'т - Түрк» китеби. Жазуучу атактуу эмгегинде бул тууралуу үч түрдүү түшүндүрмө берет. Алардын бири кумуктардын түрк уруусу экенин көрсөтүп турат. Тагыраак айтканда, автордун бул баалуу эмгектеги «Бирөөнү кумук уруусуна салыштырсаң, азыр деле ошондой айтылат» деген сөзүнөн кумуктардын уруу катары каралышын түшүнүүгө болот.
Кошумчалай кетсек, кумуктар тууралуу эң маанилүү изилдөөлөрдүн бири Зеки Велиди Тоган тарабынан жүргүзүлгөн. Зеки Велиди Тоган берген маалыматка караганда, кумуктар огуз эпосунда Дербентти коргоого дайындалган кыпчак түрктөрүнүн уруусу катары сүрөттөлөт. Дербент шаары бүгүнкү күндө Дагестандын аймагында жайгашкан жана түндүктөн түштүккө өтүүчү жалгыз жол болгондуктан тарыхта маанилүү болгон.
Кумук түркчөсү, кыпчак тобуна кирген түрк диалекти; Татар, казак, кыргыз, башкыр, каракалпак, ногай, карачай – балкар, крым татар, карай түрктөрү менен катар тарыхый кыпчак түрктөрүнүн азыркы өкүлдөрүнүн бири. Азыркы түрк тил тармагынын географиялык жана лингвистикалык принциптери боюнча түндүк-батыш же кыпчак тобундагы, бирок кээ бир огуз таасирлерин да көрүүгө болот.
Бай элдик адабиятка ээ болгон кумук түрктөрүнүн жазуу тили башында Казан жана Крымдын таасиринде калган. Исламды кабыл алган мусулман кумук түрктөрү 1928-жылга чейин араб алфавитин колдонушкан. Алар 1928-жылдан 1938-жылга чейин он жыл бою латын алфавитин колдонушуп, 1938-жылы советтик администрация кабыл алган чечимдин натыйжасында кирилл алфавитине өтүүгө аргасыз болушкан.
Кумук түрктөрү тарыхта бардык Дагестан тайпаларынын арасында орток түшүнүшүү тили катары колдонулган. Башка дагестандык урууларга салыштырмалуу көбүрөөк интеллигенция жана мамлекеттик ишмерлерди өстүргөн кумуктар Дагестанда үстөмдүк кылган. 1918-жылы түзүлгөн Бириккен Кавказ Республикасынын расмий тили да кумук түркчөсү катары кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө Кумук түркчөсү үч диалектке бөлүнөт; Хасав – Юрт, Буйнак жана Хайдак. Кумук тилинин жана маданиятынын чек аралары абдан кенен жана Дагестандагы 14 түрдүү расмий тилдердин бири. Функционалдуулугу жагынан орус тилинин таасиринде болсо да, билим берүү тармагында да, басма сөздө да, күнүмдүк турмушта да кумук түрктөрү тарабынан кеңири колдонулат.
Урматтуу угармандар, биз кумук түрктөрү, кумук түрктөрү жашаган жер жана кумук түркчөсү тууралуу кыскача кеп салдык. Кийинки бөлүмдө түрк диалектисинде сүйлөгөн башка географияда көрүшкөнчө, саламатта болуңуз.
Программаны профессор доктор Гүлсүм Килли Йылмаздын жетекчилигинде илимдин кандидаты Саида Бурханидинова даярдады.