Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
Евразия күндеми-35
“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.
Үстүбүздөгү жылдын 22-23-август күндөрү Татарстандын борбор шаары Казанда 3-Казан глобалдык жаштар саммити болуп өттү. Саммитке 40 өлкөдөн өкүлдөр жана Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов катышты.
22-23-август күндөрү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Тажикстанда мамлекеттик иш сапары менен болду. Казакстандын президенти Токаев Душанбеде Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахман, Премьер-министр Кахир Тахирзода жана Парламенттин төрагасы Махмадтоир Замирзода менен жолугушту. Токаев-Рахман жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ортосунда 16 келишимге кол коюлду. Алардын арасында Казакстан-Тажикстан союздук келишими да бар. Иш сапардын алкагында Тажикстан-Казакстан бизнес форуму өттү. Бизнес форумда 1 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду. Президенттер Казакстандын маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышты.
22-23-август күндөрү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барып, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту. Президенттердин төрагалыгы астында Ташкентте 1-Өзбекстан-Азербайжан өкмөттөр аралык жогорку жыйыны өттү. Жыйындын соңунда тараптардын ортосунда 17 келишимге кол коюлду. Өзбекстан менен Азербайжандын мамилеси расмий түрдө союздук деңгээлге чыгарылды. Иш сапардын алкагында Кокон шаарында Өзбекстан-Азербайжан аймактар аралык форуму жана Ташкентте Өзбекстан-Азербайжан иш форуму болду. Өзбекстан-Азербайжан бизнес форумунда тараптардын ортосунда 2 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду. Президенттер эки өлкөнүн алдыңкы ишкерлери менен жолугушуп, биргелешкен инвестициялык фонддун акчасынын көбөйтүлөөрүн билдиришти. Эки өлкөнүн эл артисти сыйлыгына өзбекстандык Фаррух Закиров жана азербайжандык Полат Булбулоглу татыктуу деп табылды.
Өткөн аптада Казакстандын түштүк-чыгышындагы “Көктал” гарнизонунда азербайжандык жоокерлер казак жоокерлери менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүштү. Өткөн июль айында өткөрүлгөн “Бириктик-2024” аскердик машыгуусунда эки өлкөнүн аскерлери чогуу машыгуу өткөрүшкөн эле. Өткөн аптада Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн адистери Казакстан армиясынын атайын багыттагы күчтөрүнө 3 айлык окуу уюштуруп, тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн Казакстанга келишти.
18-19-августта Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Азербайжанда мамлекеттик иш сапары менен болду. Бакуда өткөн Алиев-Путин жолугушуусунан кийин тараптардын ортосунда 7 келишимге кол коюлду. Тараптар Бакуда биргелешкен университет ачуу жана биргелешкен мунай танкерлерин куруу боюнча макулдашышты. Орусиянын президенти Азербайжанга акыркы жолу 2018-жылы барган болчу.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Азербайжандан кийин Түндүк Кавказдагы Кабардин-Балкар, Осетия-Алания жана Чеченстан республикаларына барды. Батыш киргизген санкциялардан кийин Орусия үчүн аймактын, Кавказдан өткөн Эл аралык Түштүк-Түндүк транспорт коридорунун, Батыш менен Чыгышты бириктирген Ортоңку коридордун мааниси дагы да артты.
20-август күнү Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажиев Азербайжандын БРИКСке кошулуу үчүн расмий арыз бергенин жарыялады. Арыз Владимир Путиндин Бакуга жасаган иш сапарынан кийин берилди. Өткөн айда Астанада өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде Кытай Эл Республикасынын Азербайжандын БРИКСке мүчөлүгүн колдой турганы белгилүү болгон эле.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова