Денизлинин Тавас айраны

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-35

2179163
Денизлинин Тавас айраны
DENİZLİ TAVAS YANIK YOĞURDU

ДЕНИЗЛИНИН ТАВАС ЯНЫК АЙРАНЫ

Катталган күнү: 25.06.2024

Түркиянын Эгей аймагынын эң маанилүү өнөр жай шаарларынын бири Денизлинин Тавас району даамы жана өндүрүш ыкмасы менен көңүлду бурган айран түрүнө атын берген. 2024-жылы Тавас муниципалитетинин кайрылуусу менен Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн катарына кирген «Тавас Янык айраны», Денизли айылдарындагы койдун сүтүнөн өндүрүлүп, өзгөчө карамелденген даамы жана жыты бар. Айранды өндүрүүдө кошумчалар жана даам берүүчү тамак-аш ингредиенттери колдонулбайт. Чеберликти талап кылган айран жасоодо 5 килограмм майлуу койдун сүтү чоң жез казанда 90 градуста чокто 30 мүнөт кайнатылат. Ал арада сүттүн казандын түбүнө бир аз тартып карамелдешүүсү камсыздалат. Кайнап жаткан сүткө болжол менен 75 грамм табигый ачыткы кошулат. Сүттүн айранга айланышы жана каймак пайда болушу үчүн аралашма болжол менен 4 саат үстү чүпүрөк менен жабылып күтүлөт. Муздатуу процессинен кийин айрандын температурасы 6 градуска чейин төмөндөшү үчүн муздаткычка коюлат. Толук майлуу катары сатылган жана саргыч өңдүү Тавас Янык айраны кездеме баштыктарда сарыктырылгандан кийин сүзмө катары да желсе болот.



Тектеш кабарлар