Евразия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-32

2172886
Евразия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Ирандын президенти болуп шайланган Масуд Пезешкиандын ант берүү аземи үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда болуп өттү. Евразия өлкөлөрүнүн ичинен Пезешкиандын ант берүү аземине Тажикстандын президенти, Азербайжандын премьер-министри, Орусия Федерациясынын Думасынын төрагасы, Казакстандын Сенатынын төрагасы, Армения менен Грузиянын Премьер-министрлери, Кыргызстандын вице-премьер-министри, Түркия менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышты.

1-август күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Монголияга расмий иш сапары менен келди. Министр Блинкен борбор шаар Улан-Батордо Монголиянын Президенти Хурелсух Ухнаагийн, Премьер-министр Оюн Эрдэнэ Лувсаннамсрай жана Тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунх менен жолугушту.

1-август күнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелди кабыл алды. Жолугушууда Борбор Азиядагы коопсуздук жана Казакстан-Европа Биримдиги мамилелери талкууланды. Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Казакстандан Кыргызстанга келди. 3-август күнү Кыргыз  Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Боррелди кабыл алды.

О.э. 2-август күнү Конго Республикасынын Президенти Денис Сассу Нгуессо Казакстанга алгачкы расмий иш сапары менен келди. Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев менен Президент Нгуесо тет-а-тет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жыйынтыгында Казакстан менен Конго Республикасынын ортосунда 10 келишимге кол коюлду.

 Швейцариянын Президенти Виола Амхерд 2-август күнү Монголияга алгачкы мамлекеттик иш сапарын жасады. Президент Виола Амхерд Улан-Батордо Монголиянын Президенти Хурелсух Ухнаагийн, Премьер-министр Оюн Эрдэнэ Лувсаннамсрай жана Парламенттин төрагасы Амарбаясгалан Дашзэгвийн менен жолугушту. Быйыл Монголия менен Швейцария эки тараптуу мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгын белгилөөдө.

30-июль күнү Түркия менен Армениянын эки тараптуу карым-катнаштардын нормалдашуусу боюнча атайын өкүлдөрү Сердар Кылыч менен Рубен Рубинян Аликан-Мармара чек ара бекетинде жолугуп, бешинчи жыйынын өткөрүштү. Армения акыркы мезгилде Түркия жана Азербайжан менен жакшы коңшулук мамиле түзүү үчүн алгылыктуу кадамдарды жасай баштады.

 30-31-июль күндөрү Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Түркмөнстанда расмий иш сапары менен болду. Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов Алпаслан Байрактарды кабыл алды.

1-августта Анкарада Орусия менен Батыштын ортосунда туткун алмашуу болду. 26 туткун эркиндикке чыккан бул алмашуу Кансыз согуштан кийинки эң ири туткун алмашуу болду.

 2-август күнү Украинанын Коргоо министри Рустем Умаров Түркияга расмий иш сапары менен келди. Анкарада министр Умаров Түркиянын улуттук коргоо министри Яшар Гүлер менен жолугушту. Түркия менен Украинанын ортосунда 3-августта кол коюлган Эркин соода келишими Түркиянын расмий гезитинде жарыяланып, күчүнө кирди. Түркия менен Украина 7,3 миллиард долларга жеткен жылдык соода көлөмүн кыска убакытта 10 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылууда.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар