Татар түркчөсү – 1

Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү - 6.2024

2172215
Татар түркчөсү – 1

              

  Урматтуу окурмандар, «Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү» программабызга кош келдиңиздер.  Программабыздын бүгүнкү чыгарылышында татар түрктөрү жана алардын чыгыш түрктөрүнүн тарыхындагы ордуна токтолобуз.     

Түрк тили 15 -  кылымдын башынан  20 -  кылымдын алгачкы жылдарына чейин  чыгышта чагатай түркчөсү, батышта Осмон түркчөсү деп аталган эки жазуу тилинин негизинде өнүгөт. Түрк тилдүүлөр бул мезгилде батышта тарыхтын эң күчтүү жана эң узун өмүрлүү мамлекети Осмон империясы менен эң жакшы мезгилин жашап, чыгышта Алтын Ордо хандыгынын тарашы менен жаңы бөлүктөр жаралды. Ушунун негизинде Казан, Крым, Атрахань, Касым, Сибирь жана Түркистан хандыктары түзүлдү. Казан татарларынын тарыхы ал мезгилде Эдил (Волга) дарыясынын жээгинде түзүлгөн Казан хандыгына таянат. Бул хандыктын  1552 -  жылы падыша  4 -  Ивандын орус империясынын башкаруусуна өткөрүлүшү менен чыгыш түрктөрүнүн тарыхында жаңы бир мезгил баштады. Бул мезгилдин уландысы бүгүнкү көз карандысыз түрк республикалары жана  коомдорунун чек аралары башта болгон алардын маданияты менен тилинин учурдагы формасын алышына негиз даярдады. Башка бир сөз менен айтканда чыгыш түрктөрүнүн орус башкаруусуна киришинин башталыш жери болду. Ошондуктан Казан хандыгы бир гана татар түрктөрүнүн тарыхында эле эмес, ошол эле учурда түрк дүйнөсүнүн тарыхы үчүн да бир бурулуш жери деп айтууга болот.

  Татар деген ат биринчи жолу Орхун жазууларында «Отуз татар» жана «Токуз татар» деген ат менен кездешет. Бул жазуулардагы бул этникалык аттардын түрк уруулары үчүн эмес монгол уруулары үчүн айтылгандыгы болжолдолууда. Татар деген ат кийинчерээк Кашгарлы Махмуддун белгилүү Диванү  лүгат  ит  - түрк чыгармаында кездешилет. Кашкарлы Махмуд бул эмгегинде  татар түрктөрүн бир түрк уруусу катары колго алат. Айрым илимпоздор татар түрктөрүнүн түрктөр менен монголдордун аралашмасынан пайда болгон гибриддик түзүлүш  экендигин жактап жатат.  Бирок көпчүлүк, көчмөн кыпчактар ​​монгол баскынчылыгы учурунда түндүк Кара деңиздин талаа аймактарында жашап, аймакка келген монголдор түрк массасына аралашып, убакыттын өтүшү менен түрк тилин кабыл алышкан деген тезисти колдошот. Татарлардын өз аттары менен ортого чыгышы  Алтын Ордо дооруна туура келет.

Азыркы күндө  Эдил аймагында жашаган татар түрктөрү менен Крым жарым аралында жашаган татар түрктөрү Алтын Ордо доорунда бир эле эл катары каралса да Казан хандыгы менен Крым хандыгы мезгилинде бири биринен алыстады. Андан кийин  Крым татар түрктөрү  15 – 18 -  кылымда Осмон империясынын чек араларына кошулду. Эдил дарыясынын жээгинде жашаган татар түрктөрү  16 -  кылымда Казан хандыгынын кулашы менен орус эгемендигине кирди. Бул процесс падышачылык Россияны жана советтер союзунан кийин бүгүн Россия Федерациясына караштуу болуп улантылууда.

Урматтуу радио угармандар, бүгүн татар түрктөрү жана алардын чыгыш түрктөрүнүн тарыхындагы орду тууралуу сөз кылдык. Кийинки чыгарылышыбызда татар түркчөсүнүн социолингивистикасына токтолобуз.

Программаны Түркия үнү радиосу үчүн  илимдин кандидаты Саида Бурханидинова даярдады.



Тектеш кабарлар