Чанкырынын жумуртка таттуусу
Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-32
ЧАНКЫРЫНЫН ЖУМУРТКА ТАТТУУСУ
Катталган күнү: 18.12.2017
Түркиянын борбор шаары Анкаранын түндүктөгү коңшусу Чанкыры шаары дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен өзгөчөлөнүп, «Чанкыры жумуртка таттуусу» аймак менен өздөштүрүлгөн шербеттүү таттуусунун бир түрү болуп саналат. Чанкырынын жумуртка таттуусу Чанкыры муниципалитетинин кайрылуусу менен 2017-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн катарына кирген. Майрамдарда жана Рамазан айларында ифтар тамактан кийин коноктор үчүн даярдалган «Чанкырынын жумуртка таттуусу» 8 жумуртка, 3 аш кашык ун жана сары май менен жасалат. Таттууну жасоодо алгач жумуртканын сарысы менен агы ажыратылып, ак бөлүгү коюу жабышчаак абалга жеткенче чалынат. Чалып бүткөндө идиш тескери бурулганда төгүлбөшү керек. Жумуртканын сарысы да өзүнчө идиште чалынып жумуртканын агына кошулат жана дагы бир аз чалынат. Андан соң аралашманын үстүнө электен өткөн ун себеленип, ошол эле процесс улантылат. Бир-эки мүнөттөн кийин аралашма айнек же жез идишке куюлат жана 175 градуска чейин ысытылган духовкада 35 мүнөт бышырылат. Өтө кыска убакытка муздатылган таттууга мурда даярдалган жылуу лимон шербети акырындык менен куюлат. Бөлүктөргө бөлүнүп, таттуу табактарына салынган Чанкырынын жумуртка таттуусу жылуу берилет.