Махтумкулу Фираги

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-14

2171143
Махтумкулу Фираги

 Урматтуу окурмандар, бүгүн биз түркмөн адабиятынын башкы куруучуларынын бири, ырлары менен түркмөн тилинин адабий тил болуп чыгышына чоң салым кошкон Махтумкулу Фираги жөнүндө кеп кылабыз.

 Махтумкулу 1733-жылы Этрек менен Гүрген дарыяларынын ортосундагы Хажыговшан деген жерде туулган. Махтумкулу же болбосо Махдумкулу, Магтымгулы деген – бул, лакап аты деп айтууга болот, акындын башка ысымы белгилүү эмес. Махтумкулунун атасы, көчмөн Гөклендердин Геркез уруусунан Гарри Молла деген ат менен белгилүү болгон Дөөлөтмемет Азади да өз доорунун алдыңкы акыны болгон. Махтумкулу алгачкы билимин атасынан үйрөнгөн. Ал кийиз жасоо, зергерчилик сыяктуу ата-бабадан калган кесиптерди да үйрөнгөн. Окуусун Кызылаяктан, андан соң Бухарадагы Күкелташ медресесинде уланткан. Жашоосунун бир доорунда ал досу Сибирь туркмени Нури Казым Ибн Бахир менен бирге эл аралап туркмөн жерин кыдыра баштаган. Махтумкулу менен Нури Казым Ооганстанга, Индияга, андан кийин Кабул аркылуу Өзбекстанга барып, Маргелен, Анжиян, Самаркандга барышат. Чакыруу менен Күкелташта бир аз байырлаган соң үч жыл билимин ошол доордун эң белгилүү медресеси Хивадагы Ширгазиде уланткан. Жакшы окугандыктан окуучулардын халифасы болуп, устатынын ордуна маал-маалы менен сабак берип турган. Нури Казым экөө Ширгазиде жүргөндө бул медреседе түркмөндөр үчүн бөлүм ачылган.

        Өмүрүнүн кийинки мезгили тууралуу көп маалыматы жок болгон Махтумкулунун 1783-жылдан кийин кайтыш болгон деген божомол бар. Ырларында көбүнчө Махтумкулу атын, кээде Пираги же болбосо Фираги, Фираки деген каймана атын колдонгон. Махтумкулу - түркмөн урууларынын ич-ара кандуу чатагында, Иран шахы менен Хива хандыгынын түркмөндөр менен кандуу кагылышуулары болуп жаткан маалда үй-жайынан көчүп, кул базарында сатылып, байлыгы таланып-тонолгон эли үчүн акындын жүрөгү сыздап ырларында ошол абалды жазган. Түркмөн биримдигин камсыз кылуу анын эң чоң идеалы болгон. XVIII. кылымдагы түркмөн турмушун чагылдырган ырларына карап, мезгилдин коомдук турмушун талдоого болот. Кээ бир диний аалымдар жана коомдук баш аламандыктарды жараткан башкаруучулар, кедей-кембагалдарды эзген байлар, пара алган вассалдар жөнүндөгү арыз-муңдар анын поэзиясындагы мотивдердин бир бөлүгү. Бир туугандарынын бөтөн жерде туткунга түшүп каза болушу акындын жан дүйнөсүнө терең таасир этип, аны ырларында чагылдырган. Араб жана фарс тилдерин, ошондой эле адабий чыгыш түркчөлөрүн үйрөнгөн Махтумкулу, Низами Саъди-и Ширази, Алишер Навои жана Фузули сыяктуу классикалык акындарды окуган. Ошого карабастан, ал ырларды өзүнөн мурункулардай классикалык түрк адабий тилинде эмес, жалпысынан жандуу түркмөн диалектиси менен башкача айтканда, жөнөкөй стилде жазган. Ошентип түркмөн адабий тилинин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал түркмөн адабиятынын интелегенти катары идеал туркмөн жан дүйнөсүн чагылдырганы үчүн эли аны баалаган.  1983-жылы, Түркмөнстанда туулганына 250 жыл толгонуна карата чоң иш-чара уюштурулган. Махтумкулу жөнүндөгү изилдөөлөр 1942-жылдан бери уланып келет. Махтумкулу атындагы тил жана адабият институтунун кол жазмалар бөлүмүндө акындын диванынын 100дөн ашуун нускасы бар. Шамухаммет Гандымовдун 1983-жылы 250 жылдыгына карата Ашкабадда кирилл алфавитинде эки томдук кылып даярдаган диван эң көп ырларды чогулткан ишенимдүү басылма катары эсептелет. Кошумчалай кетсек, мындан сырткары акындын ырлары 1988-жылы Ашкабадда араб тамгалары менен басылып чыккан. Аныкталган ырларынын саны 500гө жетет. 1961-жылы Түркияда Хусейин Казым Кадри тарабынан “Махдумкулу Диваны жана жети кылым түрк поэмасы” деген ат менен даярдалып басылып чыккан. Кененирээк айтсак, 1992-жылы Химмет Бирай акындын 304 ырын кириш сөз менен кошо даярдап, “Махтумкулу Диваны” деген ат менен жарыкка чыгарган.        

        ТРТнын Түркия үнү радиосу үчүн программа Назгүл Кадырова тарабынан даярдалды.

Булактар:

1. Abdurrahman Güzel, “Yunus Emre ve Mahtumkulu’da Ortak Motifler”, Prof. Dr. Dursun Yıldırım Armağanı, Ankara 1998, s. 66-81.

2. https://islamansiklopedisi.org.tr/mahtumkulu

3. Mahtumkulu, Divan (haz. Himmet Biray), Ankara 1992, neşredenin girişi, s. 1-30.

4. Yavuz Akpınar, “Mahdumkulu”, TDEA, VI, 111-112.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар