Сиврихисар жепкени (чапаны)

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-28

2161157
Сиврихисар жепкени (чапаны)

Сиврихисар жепкени (чапаны)

Катталган күнү: 05.07.2022

 

Түркиянын Борбордук Анадолу менен Мармара аймактарынын ортосундагы өткөөл жолдо жайгашкан жана өлкөнүн тарыхында абдан маанилүү иш-чараларды өткөргөн Эскишехирдин Сиврихисар району абдан түп нускалуу кыска чапан түрүнө атын берди. Сиврихисар муниципалитетинин арызы боюнча 2022-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнө кошулган «Сиврихисар жепкени» жүндүү, кебездүү же баркыт кездемелерге жалтырак, жип, шуру жана пайетка сайма сайылып өндүрүлөт. Жука мандарин жакасы, жеңи узун, алды ачык жана бел сызыгына чейин созулган «Сиврихисар жепкени» жылтылдаган жиптерди бүгүү ыкмасы менен алынган жипти атайын бекитүү техникасы менен жасалган. Чапандын кыска болушу белдеги курдун жана астына кийилген кенен шымдын көрүнүүсүн да жогорулатат. Чапанга жип, шуру, пайетка менен сайма жасалгасы толугу менен кол менен жасалып, чеберчиликти талап кылат. Чапанга алма, алмурут же куш оюмдары ар түрдүү түстөгү, өзгөчө кара, кызыл, кызгылт көк, кочкул көк түстөгү жалтырак жиптер менен жасалат. Өзгөчө учурларда жана тойлордо колдонулган Сиврихисар жепкенин сактоодо жылтырактары бири-бирине тийбеш үчүн бүктөлбөй, үстү узун жабуу менен гардеробго илинет.



Тектеш кабарлар