Ажы Бекташы Вели

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-12

2160180
Ажы Бекташы Вели

Урматтуу окурмандар, бүгүн биз орто кылымдын улуу сопусу жана ойчулдарынын бири -  Ажы Бекташы Вели жана анын “Бекташий” тарикаты тууралуу кеп салабыз.

 Сопу, мистик, аалым жана ислам философу катары белгилүү болгон Ажы Бекташы Вели түрк дүйнөсүндө маанилүү орунга ээ улуу инсан. Анын өмүр-баяны тууралуу так маалымат жокко эсе. Ал жөнүндө эң байыркы булак XIV кылымда жазылган өзүнө таандык «Вилайет-нама» деп аталган чыгармасы болуп саналат. Хорасанда төрөлгөнү белгилүү болгон Ажы Бекташы монгол баскынчыларынан качып Анадолуга көчүп барган түркмөн аалымы. Анын өмүрү тууралуу бир гана белгилүү факты – 1271-жылы Сулука Карахөйүктө каза болгондугу.

            “Вилайетнаамадан” алган маалыматыбызда Ажы Бекташы Вели бир жагынан Сулука Карахөйүктө түркмөн шейхи катары өз коомуна кызмат кылып, экинчи жагынан азыркы Үргүп аймагындагы христиандар менен тыгыз карым-катнаш түзүп, аларга ислам динин таанытууга күчүн жумшаган. Ошондой эле, шаманчыл моңголдордун ислам динин кабыл алуусу үчүн катуу аракет кылып, ал үчүн Анадолунун бардык булуң-бурчуна халифтерин жиберген. Булактарда жазылып калгандай Ажы Бекташ-ы Вели Анадолуга “Йесеви” менен “Календеринин” аралашмасы болгон “Хайдари” тарикатынын мүчөсү катары келген. Андан кийин Баба Иляс-ы Хорасанинин чөйрөсүнө кирип “Вефайи” тарикатына кошулуп, өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашап өткөнү баяндалат. Өз атынан коюлган “Бекташий” тарикаты деп аталып жүргөнү менен аны учурунда өзү түптөбөгөнү маалым.  Тарыхта жашап өткөн Ажы Бекташ-ы Велини легендарлуу, ал тургай эпикалык мифологиялык Ажы Бекташ-ы Велиге айланткан, ыйык инсан катары тааныткан адам -мүрзөсү Анталия шаарына жакын Теккекөйдө жайгашкан Абдал Мусанын ролу чоң болгон. Изилдөөчү Мехмет Фуад Көпрүлү бул кишинин 14-кылымда Сулужа Карахөйүктөгү Ажы Бекташ-ы Велинин үйүндө чоңоюп Ажы Бекташ-ы Вели наамынын жайылышында кандай чоң роль ойногонун түшүндүрүп берет. Көпрүлүнүн корутундусу жана андан кийинки изилдөөлөрү боюнча карасак, бул - момун түркмөн шейхинин көзү тирүү кезинде чыккан уламыштар аркылуу Борбордук жана Батыш Анадолуга, өзгөчө жаңы курула баштаган Осмон Дөөлөтүнө таанытып, наамын жайган Абдал Муса болгон.  XIV кылымдын биринчи чейрегинен кийин “Ажы Бекташ-ы Вели дервиш жайынын” шейхи болгон Абдал Муса кээ бир Хайдари сопулары менен жаңы курулган Осмон Дөөлөтүнө барып, ал жерде Орхан Газинин кызматына кирип, аскери болуп ийгилик жараткан. Бирок, анын жасаган чыныгы чоң кызматы Осмон аскерлерине Ажы Бекташ-ы Велинин уламыштарын айтып, таанытуу болгон. “Вилаетнама” чыгармасында баяндалгандай Ажы Бекташ-ы Велинин артыкчылыгы, анын - он эки имамдын тукумуна эш тутулгандыгында. Башкача айтканда, пайгамбардын тукумунан келген касиеттүү адам экени жазылган. Атасы Ибрахим-и Сани - Имам Муса аль-Казимдин тукумунан болгон жана ал Хорасандын падышасы болгон. Анын уулу Ажы Бекташ-ы Вели ханзаада болгон. Жаш кезинде адегенде атактуу сопу Локман-ы Перендеден, андан соң анын насааты менен Кул Кожо Акматтан таалим-тарбия алган. Ошол кезинде көптөгөн касиеттерин көрсөтүп баарын таң калтырган экен. Кул Кожо Акматтын асырап алган баласы Кутбуддин Хайдарды Бадахшанда каапырлардын туткунуна түшкөн жеринен куткарат. Мына ошондон кийин анын касиетин көргөн Кул Кожо Акмат, ага халифаттын символу болгон момундун белегин берет. Башкача айтканда, таажы, шам чырак, жайнамаз, даам жана дүйнө малын берип, белине жыгач кылыч кыстарып, Румелияга дайындайт. Алгач Меккеге барып, зыярат кылган Бекташ «ажы» атанат. Кайтып келери менен Нажаф жана Кербалага зыярат кылып андан Анадолуга өтөт. Ажы Бекташ-ы Вели Чепни уруусуна таандык бир нече көчмөн үйлөрдүн кыштоосу болгон Сулука Карахөйүккө келип, Кадынжык аттуу эненин үйүндө конок болуп калат. Ал жерде да касиеттери менен өзүнө көңүл бурдурат. Күнүмдүк тиричилигин улантыш үчүн айылдын малын багып, оокат кылат. Бир топ убакыттан кийин ал бүгүнкү дервиш үйүнүн башаты “Кызылжа Халвет” аттуу дербиш жайын курат да шакирт ала баштайт. Анын атагы тез тарап кетет. Бул жерде жүргөндө Сейид Махмуд-ы Хайрани жана Ахи ​​Эвран сыяктуу улуу грек инсандары менен жакын достошкон. Чөйрөсүндөгү каапырлар менен дагы жакын мамиледе болот. Ал жолуккан монгол бийликтеринин бир тобунун ислам динин кабыл алышына себепкер болгон. Ажы Бекташ-ы Вели көптөгөн халифтерди тарбиялап, өлөрүнүн алдында алардын ар бирине уруксат берип, Анадолунун чар-тарабына жөнөтүп, кереметине ылайыктуу түрдө дүйнөдөн кайтты.      

            Буга чейин айтылгандарга караганда, Ажы Бекташ-ы Велинин чыныгы атагы жана анын айланасында жайылган эбегейсиз культу ал өлгөндөн кийин калыптанган. Бул тарыхый окуя Ажы Бекташ-ы Вели ишеничинин алгач Ажы Бекташ тирүү кезинде өзү мүчө болгон Хайдари агымынын дервиштеринин арасында пайда болуп, өнүгүп, алар аркылуу бардык жерге тараганын көрсөтөт. Ажы Бекташ-ы Велини Осмон аскерлери аркылуу тааныган Осмон Султандары, аскерлер арасында кеңири тараган күчтүү культтун негизинде аскерлерди даярдоо максатында “Йеничери” уюмунун курулганын ага байланыштырышкан. Ошентип Ажы Бекташ-ы Велини эскерүү бара-бара күчөп, анын наамы Осмон Дөөлөтүнүн бардык тарабына тараган. XVI-кылымдын башында Балым Султан Хайдаризмден тарикатынан чыгып, Осмон Дөөлөтүнүн колдоосу менен Ажы Бекташ-ы Велинин атынан бүгүнкү күндө белгилүү болгон “Бекташий” тарикатын негиздеген. Мына ошол жол аркылуу Анадолу түрктөрүнүн арасында биринчи жолу Сунни болбогон “Бекташий” тарикаты калыптанды.                       Программа ТРТнын "Түркия үнү" радиосунда Назгүл Кадырова тарабынан даярдалды

KAYNAKLAR:

1. M. Fuad Köprülü, “Bektaşîliğin Menşe’leri”, TY, II/8 (1341), s. 136-140.

2. https://islamansiklopedisi.org.tr/haci-bektas-i-veli

3. Manakıb-ı Hacı Bektâş-ı Velî: Vilâyet-nâme (haz. Abdülbaki Gölpınarlı), İstanbul 1958.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар