Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-27

2159891
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 23-26-июнь күндөрү Монголиянын президенти Ухнагийн Хурэлсух Өзбекстанда биринчи мамлекеттик иш сапары менен болду. Ташкентте эки өлкөнүн президенттери тет-а-тет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Өзбекстан менен Монголиянын ортосунда 14 келишимге кол коюлду. Иш сапардын алкагында Монголиянын Өзбекистандагы элчилигинин ачылыш аземи болду. Президенттер эки өлкөнүн алдыңкы ишкерлери менен жолугушту жана Ташкенттеги технопаркты кыдырышты.

24-25-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бельгия Королдугунда иш сапары менен болду. Президент Садыр Жапаров Брюсселде Бельгиянын Королу Филипп жана Европа Биримдиги Кеңешинин Төрагасы Шарль Мишель менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюлду.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев 25-июнда Мальтанын Тышкы иштер, соода жана Европа биримдиги министри Иан Борчту кабыл алды. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагасы кызматын да аркалаган Борч, Президент Токаев менен болгон жолугушуусунда Казакстан-Европа Биримдиги жана Казакстан-Мальта кызматташтыгы маселелерин талкуулады.

Мальтанын Тышкы иштер, соода жана Евробиримдик министри Иан Борчту 27-июнда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кабыл алды. Жолугушууда чек ара көйгөйлөрү, эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүү, электрондук соода сыяктуу маселелер талкууланды.

Президент Садыр Жапаров 28-июнь күнү Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун иштери жана Азербайжанда өтө турган бейрасмий Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммити талкууланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 30-июндан 7-июлга чейин Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Гутерриш алгач Өзбекстанга келди. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Антониу Гутеррешти кабыл алды. Баш катчы Гутерриш 4-июлда Казакстанда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине да катышат.

 26-27-июнь күндөрү Түркия Республикасынын Коргоо министри Яшар Гүлер Түркмөнстанда жана Өзбекстанда иш сапары менен болду. Коргоо министри Яшар Гүлер түркмөн кесиптеши Бегенч Гүндогдуев жана өзбек кесиптеши Бахадыр Курбанов менен жолугушту. Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев министр Гүлерди кабыл алды. Жолугушууларда аймактык коопсуздук жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелери талкууланды.

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев 26-июнь күнү Италия Республикасынын Коргоо министри Гвидо Кросеттону кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн коргоо өнөр жай тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Президент Алиев Италия тарабынан жасалган жана Азербайжанга жеткирилген C-27J Spartan аскердик учагын карап чыкты.

28-июнь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялады. Азербайжандын Улуттук парламентине шайлоолор үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында өтөт.

Программаны эфирге даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

 



Тектеш кабарлар