Чанкырынын бүтүндөй эт тамагы

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-27

2158549
Чанкырынын бүтүндөй эт тамагы

Чанкырынын бүтүндөй эт тамагы

Катталган күнү: 04.07.2023

 

Түркиянын Борбордук Анадолу аймагында жайгашкан жана экономикасы дыйканчылык жана мал чарбачылыкка негизделген Чанкыры шаарынын кулинардык маданиятында эт тамактары чоң орунду ээлейт. Чанкыры тамак-аш маданиятынын көрүнүктүү үлгүлөрүнүн бири болгон «Чанкырынын бүтүндөй эт» тамагы эчки же козу этинин пияз, май, томат пастасы жана түрдүү татымал аралашмалары менен бирге бышыруу аркылуу жасалат. Чанкыры муниципалитетинин 2023-жылы кайрылуусу боюнча Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар азыктарынын катарына кирген «Бүтүндөй эт» тамагында колдонулган эт майда малдын колдору, шыйрактары, моюндары жана кабыргаларынан турат. Тамак жасоодо биринчи кезекте шаарды курчап турган тоолуу райондордогу туз кендеринен азыктанган эчкинин этине артыкчылык берилет. Тамакты жасоодо алгач болжол менен 2 килограмм эт 8 бөлүккө бөлүнөт. Бир идишке майда тууралган пиязды, тузду, чили калемпирин жана зирени томат пастасын кошуп аралаштырып, этке бул соусту сүйкөп даярдайбыз. Соусталган эт кесимдерин мискейге үстү-үстүнө салып, үстүн жаап, муздаткычка 8-9 саатка коёбуз. Тыныктырылган этти башка казандагы эриген сары майга салып, суусу бууланганча кууруп, андан соң ысык суу кошуп, жумшартылганча бышырышат. Чанкыры Бүтүндөй эттен жасалган тамак күрүч палоосу менен ысык берилет.



Тектеш кабарлар