Юнус Эмре

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-11

2157542
Юнус Эмре

        Урматтуу окурмандар, бүгүн биз сиздерге орто кылым түрк адабиятынын улуу акыны Юнус Эмре жана анын орток түрк адабиятыбыздагы орду тууралуу кеп салабыз.

        Буга чейинки илимий изилдөөлөрдө акын Юнус Эмренин төрөлгөн жана өлгөндүгү тууралуу маалыматтарды тактоо боюнча ар кандай божомолдор айтылып келген. Чектелүү булактардан бир пикирге келген изилдөөчүлөр Юнус Эмренин 1240-41-жылдары төрөлүп, 82 жыл жашап, 1320-жылы каза болгонун кабыл алышты. Анын өмүрү, балалыгы, билими тууралуу жазылган булак жок. Анын Борбордук Анадолуда төрөлүп, көп жерлерди кыдырып, Анадолуда каза болгону белгилүү. Акындын ырлары эл арасына ооздон-оозго тараган. Жада калса анын мазары да көп жерлерден кездешет. Ал эми изилдөөчүлөр акыркы изилдөөлөргө таянып, Эскишехирде Сарыкөйдөгү Юнус Эмре айылындагы мүрзөнүн чыныгы мүрзө болушу мүмкүн экенине ынанышты. Болу, Караман, Аксарай, Конья жана Азербайжан Гахтагы башка көрүстөндөрдүн элдин Юнус Эмреге болгон сүйүүсүнөн улам пайда болгону айтылат. Жаш кезинде көп жылдар Тапдук Эмре медресесинде жашаганы айтылып жүргөнү менен Анадолу, Дамаск, Багдад, Азербайжан, Чыгыш Европа аймактарын кыдырып, ырлары, жагымдуу маектери менен кайда барбасын сүймөнчүлүккө ээ болгон.

        Анын сакталып калган жападан жалгыз эмгеги «Рисалеттин Нушийеси» 1307-жылы  жазылып жана эң эски нускаларынын бири XIV кылымга таандык Риттердин көчүрмөсү болуп саналат. 600 куплеттен турган бул чыгарманын ар кайсы мезгилде жазылган нускалары көп. Ал эң акыркы жана толук көлөмдө 2012-жылы Стамбулда Мустафа Татчы тарабынан «Ишидин, эй Яренлер» же болбосо, “Уккула, эй жарандар” деген ат менен 4 том болуп басылып чыккан.

        Юнус Эмре Эски Анадолу түркчөсүнүн калыптанышында абдан маанилүү роль ойногон биринчи түрк акыны. Колдонгон сөздөр жана туюнтма үлгүлөрү, аларга берген маанилери жана метафоралары түрк адабий тилинин түзүлүшүнө болгон чоң кадам. Негизинен, Юнусту башка суфий акындардан ушунусу менен айырмалап турган. Сүлейман Шейхи Юнустан кийин келген акындардын ал сыяктуу ыр жаза албаганын белгилесе, Исмаил Хаккы Бурсеви: «Шейх Юнус бул тилдин пири. Анткени, андан кийин келген ар бир муриди анын методикасын ээрчип, ырларында аны туураган!» - деп жазып өткөн. Юнустан мурда да элдик оозеки адабият бар болсо да, Юнус Анадолуда өнүккөн батыш түрк тилинде алгачкылардан болуп купулга толгон ырларды чыгарган жана оозеки адабиятка таянып тилди көркөм стилде колдонуп түрк тилинин ичинде суфий тилин жараткан. Башкача айтканда, Юнус Эмре ошол доордун түркчөсүндө колдонулган араб жана фарс сөздөрүнүн бир бөлүгүн түрк фонетикасына ылайыкташтырган. Мындан тышкары, анын эмгегинде бүгүнкү күндө колдонулбаган архаикалык сөздөр көп. Анын ырларында доордун маданиятын чагылдырган көптөгөн элдик накыл сөздөр, идиомалар жана диний терминдер, түшүнүктөр кездешет. Юнус Эмренин идеялары Гүлшехрийден, Кайгусуз Абдалдан, Ашык Пашадан жана Ахмед Факихтен эч айырмаланбайт. Бирок түрк тилине алып келген жаңычылдыгы жана сөздөргө берген маанилери менен алардан айырмаланат. Анын ырларынын кылымдар бою окулуп, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калышынын себеби, ырларында үстөмдүк кылган ушул стили деп айта алабыз.

        Түрк суфий адабияты тармагында өзгөчө стилдин негиздөөчүсү Юнус Эмре Ахмед Йесеви менен башталган медреселердеги поэзия салтын Анадолуга оригиналдуу сөз менен кайра киргизген жана Чыгыш Европа географиясында өнүккөн суфий адабиятына чоң таасир эткен. Юнус суфий ой-пикирин терең түшүнүп, жашап өткөн, ырларында ыкластуулугу, толкундануусу жана сүйүүсү менен терең, эркин стилге жеткен, бүткүл адамзатты Теңирчиликке, бир туугандыкка, мээримдүүлүккө, боорукердикке чакырган, адам болуунун шарттарын, жолдорун түшүндүргөн.

        Ырларында чөйрөсүнөн, табиятынан жана адамдык баалуулуктарынан мисалдарды келтирсе да, Юнус Эмре эч качан материалдык элементтерди көздөгөн эмес. Биринчиден, Юнустун суфизм жөнүндөгү түшүнүгү Куран жана Сүннөткө, ага чейин жашаган суфийлердин ой-пикирлерине жана тажрыйбаларына негизделген. Чындыгында, Юнустун сүйүүнүн пайдубалына курулган ой дүйнөсү адамдарды сүйүү чекитинде токтоп калбастан, Аллахтын сүйүүсүнө чейин созулат.

        Сулайман Шейхи Юнус жана анын ырларынан да сөз кылып, Мевлана Желаледдин-и Руминин Юнус тууралуу мындай дегенин эскерет: «Мен руханий ааламдын кайсынысына чыксам да алдымдан бул түркмөн устаттын изин таптым, бирок андан өтө албадым." Бул уламыш болсо да, Анадолуда суфий поэзиясынын калыптанышына Юнус Эмренин канчалык таасирдүү болгонун көрсөтөт.

     ТРТнын "Түркия үнү" радиосунда программаны даярдаган Назгүл Кадырова 

 

Булактар:

1. https://islamansiklopedisi.org.tr/yunus-emre

2. Meşedihanım Nemet, Azerbaycan’da Pirler, Bakü 2010, s. 162.

3. Mustafa Tatcı, Yunus Emre’nin Mürşidi Tapduk Emre, Ankara 2012.

4. Şeyh Baba Yûsuf Sivrihisârî, Mevhûb-ı Mahbûb (haz. Ahmet Kartal), Eskişehir 2000, s. 529.

 

 

 



Тектеш кабарлар