Зия Гөкалптын кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-28

2042054
Зия Гөкалптын кыргыз таанууга кошкон салымы

 

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында белгилүү түркчү айдың Зия Гөкалптын кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Социолог, саясатчы, ойчул, акын жана жазуучу Мехмет Зия Гөкалп 1876-жылы Түркиянын Диярбакыр шаарында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы билимин Диярбакырда алган Гөкалп 1896-жылдан тартып билим алуусун Стамбулда уланткан. Ал 1898-жылы “тыюу салынган китептерди окугандыгы жана зыяндуу журналдарга жазылгандыгы” үчүн деген айып тагылып бир жыл камакта жаткан. Гөкалп 1919-жылы саясий иштеринен улам кайрадан камалып, Мальтада 2 жыл сүргүндө болгон. Анын оош-кыйыштуу мындай жашоосу ойчул катары калыптанышына чоң салым кошкон.

Гөкалп Түркияда социология мектебин негиздеген кишилердин сап  башында турган. Ал 1912-1919-жылдары Стамбул университетинде социологиядан сабак берген.

Ал “Пейман” газетасын, “Кичи журнал (Küçük Mecmua)”, “Жаңы журнал (Yeni Mecmua)” жана “Жаңы Түркия (Yeni Türkiye)” журналдарын чыгарган. Түркчүлүк агымынын идеологдорунун бири катары ондон ашуун китеп жазып калтырган.

Зия Гөкалп 1923-жылы Диярбакырдан Түркиянын парламентине эл өкүлү болуп шайланган. Ал 1924-жылдын 25-октябрында Стамбулда каза болгон.

Зия Гөкалптын ырларында жана жомокторунда каарман катары “Кыргызды” көп колдонгонун байкоого болот. Мисалы, Гөкалп 1908-жылы жазган “Залим Ибрахим дастаны” аттуу чыгармасында кыргыздардын жоокер, эр жүрөк эл экендигин төмөнкү салыштыруу аркылуу билдирген:

“Шакир паша Орусияда да жашаган,

Дон Казак-орустарын өрнөк алган.

(Шакирде) Күрт полкун куруу пикири жаралды

Күрттөрдү окшоштуруп кыргыздарга”.

(Şakir Paşa Rusya’da da kalmıştı

Rus Kazaklarını görüp ibret almıştı

Düşmüş idi Kürt alayı fikrine.

Kürt kavmini benzeterek Kırgız’a.)

 

Зия Гөкалп 1912-жылы жазган “Өзүңө карай” аттуу ырында:

“Аталардын суусундугу көбүргөн кымыз,

Арпа суусу ичпе деди бир кыргыз,

Үйүңдүн мөмөсү өрүк менен алма,

Кошунаңдын багынан курманы алба!”- дейт.

(Atanın içkisi köpüklü kımız

Arpa suyu içme dedi bir Kırgız

Evinin yemişi erikle elma

Komşunun bağından hurmayı alma!)

Гөкалп бул ырында түрк калктары өзүн жакшылап таанышы керек экенин окурмандарга жеткиргиси келип, батыштын сырасынын, араптардын курмасынын ордуна ата-бабалардын суусундугу болгон кымызды жана түрктөр жашаган аймакта өскөн алма менен өрүктү сунуштайт. Гөкалп ырында окурмандарына кымызды кыргыздын сунушташын эп көргөн.

Гөкалп “Ала марал” аттуу ырында болсо:

“Кайрылып карадым. Бир кыргыз.

Көйнөк кийген сулуу кыз”,- дейт.

(Döndüm baktım. Bir Kırgız,

Elbiseli güzel kız.)

Гөкалп түрк калктарынын мифологиясындагы бөрү менен ала маралды чагылдырган  ушул ырында, куткарылган сулуу кызды (маралды) кыргыз кызы кылып көрсөтүү менен кыргыздардын түрк калктарынын тарых сахнасына чыгышындагы ордун баса белгилеген десек жаңылышпайбыз.

Анын маанилүү чыгармаларынын бири болгон “Кызыл алма” (1914) жомогунда, негизги каармандын бири болгон Ай ханымдын апасы кыргыздардын Коңурат уруусунан болот.

Мехмет Зиянын “Үлкер менен Айдың” аттуу жомогунда башкы каармандардын энеси кыргыз кызы экендиги айтылат. Эки бир тууган болгон Үлкер менен Айдыңдын атасы экинчи аялынын тилине кирип аларды токойго алып барып таштап салат. Балдар апа тараптан кыргыз, ата тараптан Кайы (Осмон) уруусунан болот. Ушундай ак сөөк жана эр жүрөк калктын урпактары болушкандыктан токойдон аман-эсен чыга алышат. Бул жерде Гөкалп кыргыз-огуз тарыхый байланыштарынын башатын да бизге көрсөтүп кеткен.

Зия Гөкалп түрк калктарынын аял затын катуу сыйлагандыгын түшүндүрүп жатып да кыргыздарда жана казактарда жаңы келген келинди кийизге отургузуп боз үйгө алып киришкенин мисал келтирет. Ал эмгектеринин биринде кыргыздардагы “от энеден” сөз кылып, аялдын үйдүн куту экендигин баса белгилеген.

Эрте жашта каза болгон Мехмет Зия Гөкалп тууралуу Мустафа Кемал Ататүрк “пикирлеримин атасы” деген. Демек, Зия Гөклаптын Түркия Республикасынын курулушундагы эмгеги ат көтөргүс.

Гөкалп Махмут Барсканинин “Дивани лугати-т түрк” эмгегинин Стамбулда жарыяланышына, бул баалуу эмгектин илимпоздорго, бизге чейин жетишине албан салым кошкон. Гөкалп аты аталган эмгектин кол жазмасын таап алган Али Эмирини кол жазманы басмага берүүгө көндүргөн. Ошондой эле Гөкалп “Дивани лугати-т түрктү” басмага даярдоо учурунда мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүшү боюнча маселеде чечүүчү роль ойногон.

Жыйынтыктай турган болсок, Зия Гөкалп кыргыздар жашаган аймакка келбегенине, аларды жакындан көрбөгөнүнө карабастан, чыгармаларында кыргыздарга орун берген. Ал Түркияда алгачкылардан болуп өз чыгармаларында “Кыргызды” каарман кылган десек жаңылышпайбыз.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Ziya Gökalp, “Altın Destan”, Genç Kalemler Dergisi, TDK, Ankara 2014, s. 340-345.

Ziya Gökalp, Ala Geyik, Erdem Çocuk, İstanbul 2011.

Ziya Gökalp, Türkçülüğün Esasları, Bordo Siyah Yayınları, İstanbul 2004.

Ziya Gökalp, Ülker İle Aydın, Berikan Yayınları, Ankara 2000.

Ziya Gökalp, Şakî İbrahim Destanı ve Bir Kitapta Toplanmış Şiirler, Elips Kitap, Ankara 2022.

Ziya Gökalp, “Kendine Doğru”, Türk Yurdu, 26(34), Kasım 1912.

Ziya Gökalp, “Kızılelma”, Türk Yurdu, 31(115), Ocak 1913.

 

 

 



Тектеш кабарлар