Буларды билесиздерби?
Түркиянын эндемикалык балык түрлөрү.

Түркиянын эндемикалык балык түрлөрү жактан абдан бай экендигин билесиздерби?
Дүйнө аянтынын миңден беш бөлүгүнө ээ болгонуна карабастан дүйнөдөгү балык түрлөрүнүн 2,9 пайызы Түркияда жашайт. Башка сөз сенен айтканда балык түрлөрү жактан Түркия дүйнөдөгү аянтына караганда 6 эседен көп балык түрүнө ээ.
Түркиянын эндемикалык балыктарынын маанилүү бир бөлүгү көпчүлүк учурда тыш менен байланышы жок, жабык ички бассейндердеги көл жана дарыяларда жашашат. Түркиянын эң популярдуу эндемикалык балыгы - Ван бермети. Жабык бассейн болгон Ван көлүнүн газдалган суусуна ыңгайлашкан Ван бермети кефаль аймакта жыл сайын 15 миң тоннанын тегерегинде кармалат. Ван көлүнүн айланасында жашаган 14 миңге жакын киши балык кармоо менен жан багат.
Ван көлүндө жашаган миллиарддаган балык жыл сайын жазгы көбөйүү көчүүсүндө укмуштуудай көрүнүштөрдү көрсөтүшөт. Ван көлүнүн газдалган сууларында жашаган балыктар апрель айынын орто ченинде жумуртка таштоого жолго чыгышат.Кыйын сапардан кийин Ван көлүнө аккан сууларга жумурткаларын таштайт.
Жумуртка таштоо үчүн агымга каршы тузсуз сууга карай багыт алган балыктардын бул күрөшүн көргөндөргө да сулуулук тартуулайт. Ар бир ургаачы кефалдын курсагында 10 миң жумуртка болот жана жумурткаларын таштабастан ууланган ар бир балык жаңы келе турган 10 миң балыктын жок болушу деген мааниге келет. Балыктар жумурткаларын таштагандан кийин 75 күндүк жолчулуктан кийин кайрадан көлгө кайтып келет.
1996 - жылдан бери бермет кефалдардын корголушу тууралуу маанилүү иштер аткарылууда. Эржиш - Деличай балык аймагында бул эндемикалык балыктарды байкоо үчүн түзүлгөн көчүүнү байкоо аянтына миңдеген адамдар чогулуп, бермет кефалинин көчүн көрө алат. Эржиште Эл аралык бермет кефалинин көчү маданият жана искусство фестивалы өткөрүлүүдө.