Мустафа Аксойдун кыргыз таанууга кошкон салымы
Кыргыз таануу-25

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бул чыгарылышында социолог Мустафа Аксойдун кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.
Профессор доктор Мустафа Аксой 1959-жылы Түркиянын Османийе облусунун Кадырлы районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1986-жылы социология багытында Фырат университетин ийгиликтүү аяктаган. Аксой 1987-1995-жылдар аралыгында Стамбул университетинде магистратура жана докторантура программасында окуган. Ал көптөгөн жылдар бою Стамбулда жайгашкан Мармара университетинде эмгектенген. Социолог, антрополог Мустафа Аксой азыркы учурда Түркиянын Мунзур университетинде эмгектенет.
Жыйырмадан ашуун өлкөдө илимий талаа экспедицияларын жүргүзгөн Мустафа Аксой Кыргызстанга изилдөө жасоо үчүн алгачкы жолу 1996-жылы келген. Ал 1999-2001-жылдар аралыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде студенттерге сабак берген. Аксой Бишкекте уюштурулган эл аралык илимий конференцияларда докладдарды окуган.
Аксой кыргыз маданияты, Саул Абрамзон, нооруз, супара, кыргыз тамак-ашы, күнүмдүк жашоосу, тамгалар, оймолор, петроглифтер, балбалдар ж.б. темаларда эмгектерди жазган. Мустафа Аксойдун кыргыздар боюнча изилдөөлөрү түрк жана англис тилдеринде жарыяланган. Анын бул изилдөөлөрү Кыргызстандын туризминин өнүгүшүнө салым кошууда.
Мустафа Аксойдун кыргыз таанууга кошкон эң чоң салымы кыргыздардын тамгалары, оймо-чиймелери, таштагы жазуулары боюнча ар тараптуу изилдөөлөрдү жасап, түрк жана англис тилдеринде жарыялаганы десек жаңылышпайбыз. Аксой 2014-жылы “Тарыхтын үнсүз тили тамгалар” аттуу маанилүү китебин чыгарган.
Мустафа Аксой түрк тектүү элдердин маданиятын, дилин мыкты түшүнүү, анализдөө, түшүндүрүп берүү үчүн батыштын илимий теорияларынын жеткиликтүү эмес экендигин баса белгилеп, түрк тектүү илимпоздор өз теорияларын иштеп чыгышы керектигин айтып келет.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова
Колдонулган адабияттар:
Aksoy, Mustafa, Tarihin Sessiz Dili Damgalar / The Silent Language of History, İstanbul, 2014.
Aksoy, Mustafa, S. Kayhan, “Halk Bilimi Bağlamında Kırgız Mutfak Kültüründe ‘Supara’ Kavramı”, Türk Dünyası Tarih Kültür Dergisi, Sayı 353, 2016.
Aksoy, Mustafa, “Kısa Çay Tarihi ve Kazakistan ile Kırgızistan’da Çay Takımlarındaki Damgalar”, Türk Dünyası Tarih Kültür Dergisi, Sayı 348, 2015.
Aksoy, Mustafa, “Türkistan’dan Anadolu’ya Koç-Koyun Heykelleri ve Balballar”, Yeni Türkiye, Sayı 53, 2013.
Aksoy, Mustafa, “Asya’dan Avrupa’ya Bahar Bayramı Olarak Nevruz”, Yeni Ufuklar Dergisi, Sayı 13, 2012.
Aksoy, Mustafa, “Türkoloji’ye Atılan İmza, Taştaki Türkler’den Saymalı Taş’a”, Türk Dünyası Tarih Kültür Dergisi, Sayı 299, 2011.
Aksoy, Mustafa, Z. Karadavut, “Kırgız Gelenekleri ve Abramzon”, Türk Yurdu Dergisi, Sayı 171, 2001.
Aksoy, Mustafa, Z. Karadavut, “Türkiye ve Kırgızistan’da Kültürel Yapı: Mukayeseli Bir Bakış”, III. Türk Dünyası Sosyologlar Birliği Kurultayı, 21-24 Eylül, Bişkek 2010.
Aksoy, Mustafa, “Türk Cumhuriyetlerinde ve Türkiye’de Halı-Kilim ve Mezar Taşlarındaki Damgalar”, Türk Yurdu Dergisi, Sayı 171, 2001.
Aksoy, Mustafa, “Türkler’de At ve Kımız Kültürü”, Türk Dünyası Tarih Kültür Dergisi, Sayı 142, 1998.
Aksoy, Mustafa, “Minusinsk-Abakan’dan Tunceli Mezarlarına Koçbaşı Motifi”, Gazi Üniversitesi, I. Türkiyat Araştırmaları Sempozyumu (11-13 Mayıs 2005), Bildirileri, Ankara, 2010.
Aksoy, Mustafa, “Türk Cumhuriyetlerinde ve Türkiye’de Halı, Kilim ve Mezar Taşlarındaki Ortak Semboller”, Üçüncü Bin Yılın Eşiğinde Türk Uygarlığı Kongresi (2-3 Ekim 2000, Bişkek-Kırgızistan), Bişkek, 2003.
SÖZCÜK SAYISI: 427