Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-39

1990509
Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 18-19-май күндөрү Евразия өлкөлөрүндө маанилүү эл аралык иш-чаралар болуп өттү. Эми аларга кезеги менен көз чаптыралы.

Өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүнүн күн тартибиндеги эң маанилүү окуя Кытайда болуп өткөн Кытай-Борбор Азия саммити болду. 18-19-май күндөрү Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында Биринчи Кытай-Борбор Азия саммити болуп өттү. Саммитте сөз сүйлөгөн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Борбор Азия республикалары менен кызматташтыкты бекемдөө үчүн 3 миллиард 720 миллион доллар бөлүнөөрүн жарыялады. Саммиттин жыйынтыгында тараптардын ортосунда 8 келишимге кол коюлуп, Сиань декларациясы кабыл алынды. Кийинки Борбор Азия-Кытай саммити 2025-жылы Казакстанда өтөт.

Түркмөнстанды кошпогондо, Борбор Азия республикаларынын президенттеринин Кытайга жасаган иш сапарлары мамлекеттик иш сапар деп жарыяланды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстан менен Кытайдын ортосунда 23, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 26, Өзбекстан менен Кытайдын ортосунда 41, Тажикстан менен Кытайдын ортосунда 25 келишимге кол коюлду. Казакстан менен Кытайдын өкмөттөрү 30 күндүк визасыз жүрүү тууралуу келишимди өз ара бекитишти. 19-май күнү президент Касым Жомарт Токаев Сиань шаарындагы Казакстандын Башкы консулдугунун ачылыш аземине катышты.

Борбор Азия республикалары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен 5+1 платформасына ээ. Бирок булардын ичинен Кытай менен түзүлгөн 5+1 форматындагы диалог алда канча эффективдүү болчудай. Сиань шаарында өткөн саммит муну тастыктап турат.

Борбор Азия-Кытай саммити болгон күндөрү Казакстандын Алматы шаарында Борбордук Азия-Европа биримдигинин 2-Экономикалык форуму болуп өттү. Форумга Борбор Азия мамлекеттеринин премьер-министрлери жана Евробиримдик комиссиясынын вице-президенти, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти, Европа инвестициялык банкынын президенти, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри жана Латвиянын транспорт министри катышты.

18-19-май күндөрү Татарстандын борбору Казань шаарында “14-Орусия-Ислам дүйнөсү: Казань форуму 2023” болуп өттү. Форумга 80 өлкөдөн 16 миңден ашуун өкүл катышты. Форумдун алкагында 200дөн ашык иш-чара өткөрүлдү. Ушул форумдун алкагында Орусия Ислам дүйнөсү менен алакасын өнүктүрүп жатат.

14-май күнү Гагауз автономиялуу аймагында өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Евгения Гуцул жеңишке жетишти. Шор партиясынын талапкери болгон Гуцул шайлоочулардын 54,56 пайызынын добушуна ээ болду. Евгения Гуцул 4 жыл боюнча Гагаузияны башкарат. Молдовада Орусия менен Батыштын тиреши уланууда.

16-май күнү Азербайжандын Милли Мажлисинде Гейдар Алиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата кезексиз жыйын болуп өттү. Кезексиз жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Алжир, Түштүк Африка Республикасы, Грузия, Египет, Сербия, Тажикстан жана Иордания парламенттеринин спикерлери, ТүркПА сыяктуу эл аралык парламенттик уюмдардын башкы катчылары катышып, сөз сүйлөштү. Кезексиз жыйынга жалпысынан 228 өкүл катышты. Президент Илхам Алиев атайын жыйынга катышуу үчүн Бакуга келген конокторду кабыл алды.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар