14 - майда болгон шайлоо жана жыйынтыктары
СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөлөрүнүн директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу көз карашы.

Түркияда тарыхый маанидеги шайлоо демократиялык жетилгендик менен өттү. Бүткүл дүйнөнүн борбор шаарлары Түркиядагы шайлоого жакындан кызыгышты. 88, 92 пайыздык катышуу менен улуттук эрк жана Түркия демократиясы дагы бир жолу күчүн көрсөттү. Президент Эрдоган 49,5 пайыз менен экинчи орундагы Кылычдароглунан 5 баллга жакын айырмачылык менен алдыга чыкты.
Элдик альянс 49,5 пайыз менен 322 депутат чыгарып парламентте көпчүлүккө жетишти. Бул жыйынтыктар Эрдогандын экинчи айлампага кеминде үч артыкчылык менен барат деген маанини билдирет. Парламенттеги көпчүлүк биринчи орунда болуу жана ачык айырмачылык. Бул катышуу катнашы менен 0,5 пайыз кошмча добуш керек болгон Эрдогандын экинчи айлампадан утуп чыгары күтүлүүдө. Акыйкаттан да Эрдогандын партиясынын башкы кеңсесинде сүйлөгөн сөзүндөгү кенен камтуучу жана ишенимдүүлүгү муну көрсөттү. Бул ошол эле учурда экинчи айлампадагы кампаниянын жакшы бир башталышы болду.
СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөлөрүнүн директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу көз карашы.
Оппозиция бир топ параметрлерде жоготууга учурагандай байкалууда. Оппозициянын шайлоо алдындагы сурамжылоо фирмаларында жана соцтармактарда жогорулаган күтүүлөрү шайлоочуларын чоң деморализацияга алып келди. Парламентте көпчүлүк орунга ээ болуу жана Кылычдароглунун 55 пайызды биринчи айлампада аларына өзүн ишендирген шайлоочунун реакциясынын Республикалык элдик партиясы менен Кылычдароглуна багытталышын күтүүгө болот.
Шайлоо күнү кечинде оппозиция өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү өз шайлоочуларын капалантуу менен эле калган жок. Имамоглу, Яваш жана Кылычдароглунун шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу, маалыматтарга терс сөздөрү (Кылычдароглун 13 - президент деп жарыялоолору) экинчи айлампа үчүн жаман бир башталгыч болду. Оппозиция жаңы бир шайлоого бара тургандай кампания даярдоону каалайт. Экинчи айлампадагы шайлоо үгүтүн Эрдогандан айырмаланып, терс бир жерде башташты. Кылычдароглунун эки мэри жана 5 лидер менен сахнага чыгып, 1 минута 51 секунддук сүйлөгөн сөзүндө Эрдоганды айыптап : «Экинчи айлампада алабыз»,- деди. Кылычдароглу «Бул жердебиз» деген видеосу менен экинчи айлампадан көп Респуликалык элдик партиянын лидерлигинен кабар берип жаткандай. Улут альянсы партияларын шайлоонун экинчи туруна алып баруу Кылычдароглу үчүн бир топ кыйын болот.
Кылычдароглу алдыдагы күндөрдө 44 пайыз менен жакшы жыйынтыктарга жеткендерин айтса да президенттике талапкер чыгарган бир партиянын, Республикалык элдик партиясынын добушунун 25 пайыз экендиги олуттуу кемчилик. Бул жыйынтык 4 оңчул партияны Республикалык элдик партиянын тизмесине алганына карабастан келген жери.
Оңчул партиялар 34 – 35 депутат чыгарып жакшы соодалашкандарын көрсөтүштү бирок Республикалык элдик партиясынын шайлоочусу бул партияларга кошулуунун жыйынтыгын көрө алган жок. Акшенер Кылычдароглун утуп чыга албай турган талапкер деп жарыялаган, айтканында калет жоктой көрүнүүдө. Имамоглу Мансур Яваш менен партиянын лидерлигине аракет кылабы бул азырынча белгисиз.
Шайлоонун башка бир маанилүү жыйынтыгы улутчул шайлоочунун саясий теңдемелерге оордугун салышы. Биринчиден Улуттук Кыймыл партиясы МХП 10 пайыз алып бизди эмес бирок айрым сурамжылоочуларды таң калтырды. ИЙИ партиясы 10 пайызга жакын добушка ээ болду, Оган 5 пайыздан ашып экинчи айлампанын улутчул шайлоочу тарабынан түзүлөрүн көрсөттү. Элдик альянстын көпчүлүктү алышы жана ХДПтин 8 пайызга төмөндөшү менен Жашыл сол партиянын ачкыч абалда экендиги тууралуу сөздөр толугу менен ортодон жок болду. Тескерисинче Жашыл сол партия менен кыймыл кылган талапкердин утулары такталды.
Эч шексиз 14 - майдагы шайлоодон утуп чыккан Эрдоган жана Адилеттик жана өнүгүү партиясы. 21 жылдык бийликтин жүгүнө карабастан АК партия 35 пайыздан жогорку добуш алып Элдик альянс 50 пайызга жана парламенттеги көпчүлүккө жетишти. Эрдоган экинчи айлампага оңой эле барат. Улуттук кыймыл апртиясынын 10 пайыз, Йениден Рефах партиясынын 2,8 жана ББПнын 1 пайыз доубш алышы Эрдоган менен бирдикте кыймыл кылган.