Эрзинжандагы жез иштетүү өнөрү

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-33

1976049
Эрзинжандагы жез иштетүү өнөрү

Эрзинжандын жез иштетүү өнөрү

Катталган күнү: 27.08.2002

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан Эрзинжан шаары жезди иштетүү, кол өнөрчүлүк жана бул тармактагы көрүнүктүү усталары менен белгилүү. Эрзинжандын Соода жана өнөр жай палатасы тарабынан берилген арыздын негизинде «Эрзинжан жез өндүрүшү жана кол өнөрчүлүгү» 2002-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Бул жердеги максат кол өнөрчүлүктү устаттан шакиртке өткөрүүнүн негизги эрежелерин аныктоо. Эрзинжандык жез усталары дубалга илинүүчү тарелкалардан вазага, кофе комплектинен ванна идиштерине чейин 500дөн ашык жасалгаларды жана үй буюмдарын чыгарышат. Өндүрүш баскычында алгач усталар долбоорлогон формалар «Оюу техникасы» аркылуу оюм-чийим катары жез идиштерге түшүрүлөт. Формага келтирилип жатканда жез катып калат. Ошондуктан ар бир процесстин аягында жумшартылышы керек. Андан соң жез устасы бир шайман менен майда иштерди жасап, буюмду күмүш жалатуу үчүн даярдайт. Толтургуч калем менен күмүш каптала турчу жерлерди толтургандан кийин буюм күмүш-нитрат менен капталат. Процесстин экинчи этабында иштетилбеген жерлер бүткөрүлөт. Кызыл-ак түскө ээ болгон өнүм кычкылдануунун алдын алуу үчүн тунук лак менен капталат. Усталар буюмду кайра иштетүү ыкмасын өздөрүнүн оюнда иштеп чыгышат, ошондуктан ар бир уста миңдеген уникалдуу үлгүлөрдү түзө алат. Жезди иштетүүдөгү эң маанилүү эрежелердин бири да жездин карарып кетишине жол бербөө үчүн атайын элемент менен иштетүү. Мындай эмгектер 100 жылдан ашык убакыт бою карарбастан алгачкы күндөгү абалын сактайт.



Тектеш кабарлар