Буларды билесиздерби?

Валла каньону.

1975174
Буларды билесиздерби?

Дүйнөнүн эң терең коньондорунун бири Түркияда экендигин билесиздерби?

Дүйнөдөгү эң терең экинчи каньон деп эсептелген Валла каньону Түркиянын Батыш Кара деңиз аймагында, Кастамону облусунун чектеринде жайгашкан. Кең тоолуу жана токойлуу аймактары менен Кастамону көптөгөн каньондор, үңкүрлөр, дарыялар жана шаркыратмалар сыяктуу табигый кооздуктарды көрө турган сейрек жерлердин бири.

800 метрден 1200 метрге чейинки бийик аскалуу Валла каньонунан өтүү кыйын жана бир топ кооптуу. Өтүшү эң кыйын болгон капчыгайдан профессионал  топтор керектүү жабдуулар менен гана өтө алышат. Бирок каньонго жергиликтүү гиддердин коштоосунда кыска аралыкка кирүүгө болот.  Каньонду көрүү үчүн курулган обсервация террасасынан жаратылыштын укмуштуудай кооздугун толук көрүүгө болот.

Капчыгайда 40тан ашык шаркыратма бар, аскаларында бүркүт, шумкар  сыяктуу жырткыч канаттуулар жашайт. Булардын арасында 14 метр бийиктиктен төгүлгөн Ылыжа шаркыратмасы бийиктен агып жаткан башка шаркыратмалардай керемет болбосо да айланасындагы кереметтүү өсүмдүктөр менен көрүүгө татыктуу.

Ушул эле аймакта жайгашкан Ылгарини үңкүрү дүйнөдөгү эң чоң 4-үңкүр. Узундугу 858 метр, тереңдиги 250 метр болгон үңкүрдүн 220 миллион жылда пайда болгону болжолдонууда. Үңкүрдүн ичиндеги сталактиттер менен сталагмиттердин көрүнүшү суктанаарлык кооздукка ээ. Үңкүрдө кеч Рим жана Византия доорлоруна таандык капеллаларды, мүрзөлөрдү жана цистерналарды да көрүүгө болот. Үңкүргө баруучу токой жолунда Козу карын үңкүрү жана Ажыдаар үңкүрү деп аталган дагы эки көрүүгө арзырлык үңкүр бар.



Тектеш кабарлар