Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-32

1970984
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Түрк республикаларында маанилүү иш сапарлар жана жолугушуулар болду. Эми аларга ирети менен көз жүгүртөлү.

Венгриянын президенти Каталин Новак үстүбүздөгү жылдын 29-31-март күндөрү Түркияда расмий иш сапары менен болду. Новак Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан расмий салтанат менен тосуп алынды. Президент Эрдоган жолугушуунун соңунда өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында: “Биз Азербайжан менен бирге ТАНАПтан Венгрияга жаратылыш газынын жеткирилиши үчүн ар түрдүү колдоону көрсөтүүгө даярбыз»,- деди. Венгриянын президенти Новак Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен да жолугушту. Президент Новак иш сапарынын алкагында Адана, Хатай жана Кожаэлиге барды.

Венгрия Түрк республикалары менен, өзгөчө Түркия менен тыгыз кызматташтык жүргүзүүдө. Түркия менен Венгрия Финляндиянын жана Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча бирге кадам таштап жатышат.

30-март күнү Будапештте Түрк Мамлекеттер Уюмунун энергетика боюнча жооптуу министрлеринин 3-жыйыны болуп өттү. Жыйында энергетикалык коопсуздук, анын экспорту жана жасала турган инвестициялар талкууланды. Бул жерде Түрк Мамлекеттер Уюму Эл аралык жаңылануучу энергия агенттиги менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгонун белгилей кетүү керек.

28-март күнү Бишкекте Эл аралык Түрк академиясынын илимий комитетинин кезектеги VI жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Венгрия жана Түркиянын расмий өкүлдөрү катышты. Жыйында Академиянын президенти Шахин Мустафаев уюмдун 2022-жылдагы жылдык отчетун баяндап, 2023-жылга карата долбоорлор планы тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары жыйында Түрк академиясынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары кабыл алынды. Түрк академиясынын илимий комитетинин кезектеги жыйыны Бакуда өтөт.

Түрксой Жазуучулар союзунун биринчи жыйыны 29-30-март күндөрү Өзбекстандын Навои шаарында өттү. Жыйында Түрк республикаларынын жазуучуларынын маселелери талкууланды. Өзбекстан тарабынан басылып чыккан 100 томдук Түрк дүйнөсүнүн тандалган эмгектеринин бет ачары өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында Эл аралык “Мумтаз” поэзия фестивалы өткөрүлдү. Белгилей кетсек, Түрксой Жазуучулар союзу үстүбүздөгү жылдын 6-мартында түзүлгөн.

27-31-март күндөрү Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Коммунисттик партия комитетинин жооптуу секретары Ма Синжуй Казакстанда жана Кыргызстанда иш сапары менен болду. Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери тарабынан кабыл алынган Ма Синжуй өкмөт башчылары жана башка жетекчилер менен да жолугушууларды өткөрдү. Пандемиядан улам чек арасын жапкан Кытай акырындап коңшулары менен чек араларын ачууда. Кытай+Борбор Азия саммити май айында өтөөрү маалымдалган.

28-30-март күндөрү Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Израилде жана Палестинада расмий иш сапары менен болду. Жейхун Байрамов иш сапарынын алкагында аты аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту. 30-март күнү министр Байрамов Израилдин Президенти Ицхак Герцог менен жолугушту. Тель-Авивде Азербайжандын элчилиги ачылды.

Окуялардан да көрүнүп тургандай, өткөн аптада түрк республикаларында түрк биримдигин бекемдей турган маанилүү иш сапарлар жана жолугушуулар өткөрүлдү.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар