Абдуллах Баттал-Таймастын кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-15

1967684
Абдуллах Баттал-Таймастын кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында Абдуллах Баттал-Таймастын кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Азан чакырылып коюлган аты Габделбари Габдулла улы Сеитбаттал болгон Абдуллах Баттал-Таймас 1885-жылы Россия империясынын Самара губерниясынын Жаңы Алтан (Яңавыл) айылында жарык дүйнөгө келген. Абдуллах Баттал-Таймас Оренбург, Троицкий шаарларындагы медреселерде билим алган жана 1904-1906-жылдары Египеттеги Ал-Азхар университетинде билимин өркүндөткөн. Ал 1908-жылдан тартып Орусиядагы газета-журналдарда ар кыл жазууларды жаза баштаган жана чет мамлекетке чыгып кеткенге чейин ар түрдүү газета-журналдарды чыгарган. 1920-1925-жылдары Финландияда татарлардын балдарына сабак берген. Баттал-Таймас 1925-жылы Түркияга келип өмүрүнүн аягына чейин Анкара жана Стамбул шаарларында жашап, эмгектенген. Ал 1969-жылы Стамбул шаарында каза болгон. Адабиятчы, агартуучу, тарыхчы, тилчи жана котормочу катары белгилүү болгон Абдуллах Баттал-Таймас, арап, финн, орус, француз, түрк, татар, казак жана кыргыз тилдерин жакшы билген.

Абдуллах Баттал-Таймастын кыргыз таанууга кошкон негизги салымы Константин Юдахин тарабынан даярдалган “Кыргызча-Орусча сөздүктү” түрк тилине которгондугу  болуп саналат десек жаңылышпайбыз. Бул котормосу 1945-1948-жылдары Түрк тил коому тарабынан эки том болуп басылып чыккан.  “Кыргызча-Орусча сөздүк”  боюнча ушул жерде баса белгилей кетчү жагдай,  аты аталган сөздүктүн даярдалышында белгилүү окумуштуу Кусеин Карасаевдин албан эмгеги бар.

Абдуллах Баттал-Таймас которгон Кыргыз сөздүгү Түркияда Түрк тил коому, Түрк тарых коому, Билим берүү министрлиги басмаканасы, Жумуруят басмаканасы тарабынан басылып чыккан. Түрк тил коому аты аталган сөздүктү алты жолу, тагыраак айтканда 1945, 1948, 1988, 1994, 1998 жана 2011-жылдары басып чыгарган.

Константин Юдахиндин сөздүгүнүн Түркияда кайра-кайра басылганы сөздүккө болгон  талапты  таасын чагылдырат. Кыргыздарга тиешелүү маалыматтар ал мезгилде Түркияда чектелүү болгондуктан түрк айдыңдары керектүү материалдарды бул сөздүктөн издешкен.

Мустафа Өнер 25 миң сөздөн турган бул сөздүктөгү кыргызча сөздөрдүн  4.3 пайызы арапчадан, 4.1 пайызы фарсчадан, 6.6 пайызы орусчадан кирген сөздөр экендигин аныктаган. Жыйырманчы кылымдын кыркынчы жылдары кыргыз тилине башка тилден кирген сөздөрдүн пайызы менен азыркы учурда кыргызчага кирген жат сөздөрдүн пайызын салыштыруу кызыктуу натыйжалар жаратса керек.

 Абдуллах Баттал-Таймас 1943-жылдын 25-январь күнү Хүсеин Намык Оркунга 3 барактан турган автобиографиясын жазып жиберген экен. Ошол автобиографияда Таймастын Стамбулда жайгашкан “Түркият” институту үчүн 4 китепти орус тилинен түрк тилине которгондугу баяндалат. Мисалы, Абдуллах Баттал-Таймас Николай Аристовдун кыргыздар боюнча китебин, Григорий Потаниндин “Түндүк-батыш Монголиянын очерктери” аттуу эмгегинин экинчи томун түрк тилине которгон экен. Тилекке каршы бул эмгектер Түркияда басылган эмес. Аты аталган эмгектер убагында басылса, түрк окурмандары кыргыздар боюнча дагы көбүрөөк маалыматка ээ болушмак.

Абдуллах Баттал-Таймас негизинен татарлар, Орусиядагы башка калктар боюнча изилдөөлөр жүргүзгөн. Ал кыргыз таануу боюнча адис болгон эмес. Бирок анын котормолору кыргыздардын жана кыргыз тилинин Түркияда танылышына албан салым кошкон.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Akpınar, Yavuz, “Taymas, Abdullah Battal”, İslam Ansiklopedisi, cilt 40, İstanbul 2011, s. 194-196.

Aristov, N. A. Kazak-Kırgızlar, Çev. Abdullah Battal Taymas, Basılmamış çeviri metin.

Birinci, Ali, “Abdullah Battal Taymas: Kazanlı Bir Âlimin Hikâyesi”, JTS, 30/1, 2005, s. 171-195.

Öner, Mustafa, “K.K. Yudahin’in Sözlüğüne Göre Kırgızca Söz Varlığı”, Belleten, 2008-1, s. 101-112.

Özcan, Ömer, “Abdullah Battal Taymas’ın Otobiyografisi”, Türk Yurdu, 104(340), Aralık 2015.

Potanin, Grigoriy, Şimali Garbi Mogolistan’a Ait Tasvirler, c. 2, Çev. Abdullah Battal Taymas,  Basılmamış çeviri metin.

Taymas, Abdullah Battal, “Dil Tenkitleri I-Bir Taramayı Budam: Divanı Lügat’üt Türk’ten Taranan Sözlerdeki Eksiklikler”, Ulus. 19.06.1933, s. 5.

Yudahin, Konstantin, Kırgız Sözlüğü, Çev. Abdullah Battal Taymas, TDK, Ankara 2011.

Yudahin, Konstantin, Kırgız Sözlüğü, Çev. Abdullah Battal Taymas, 1. cilt, Milli Eğitim Basımevi, TDK, 1. Baskı, Ankara 1945.

Yudahin, Konstantin, Kırgız Sözlüğü, Çev. Abdullah Battal Taymas, 2. cilt, Cumhuriyet Basımevi, TDK, Ankara 1948.

Yudahin, Konstantin, Kırgız Sözlüğü, Çev. Abdullah Battal Taymas, 2 cilt, TDK, Ankara 1998.

Yudahin, Konstantin, Kırgız Sözlüğü, Çev. Abdullah Battal Taymas, 2 cilt, TDK, 3. Baskı, Ankara 1994.

Yudahin, Konstantin, Kırgız Sözlüğü, Çev. Abdullah Battal Taymas, 2 cilt, TDK, 2. Baskı, Ankara 1988.

Yudahin, Konstantin, Kırgız Sözlüğü, Çev. Abdullah Battal Taymas, 2 cilt, TTK, Ankara 1988.

 

 

 



Тектеш кабарлар