Кайсери пастырмасы
Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-30

Кайсери пастырмасы
Катталган күнү: 13.09.2000
Түркиянын Борбордук Анадолу аймагынын тарыхый шаарларынын бири Кайсеринин аты менен айкалышкан пастырма б.а кургатылган эт Кайсери Соода палатасынын кайрылуусу менен 2000-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Көчмөн элдериндеги этти кургатуу жолу менен узак убакытка сактоо идеясына таянып бүгүнкү күнгө чейин жасалып келген Кайсери пастырмасы, 2-5 жаш аралыгындагы жана салмагы 250 килограммдан кем эмес эркек бодо малдын арка, сан жана кол бөлүктөрүнөн алынган кесек эттерин туздап, жууп, пресстеп, кургатып анан «чемен» деп аталган атайын соус менен капталып өндүрүлөт. Чемен б.а фенугрек- томат жана калемпир пастасы, сарымсак, буудай уну, суу жана ар кандай татымалдардан турат. Жалпак түрүндөгү Кайсери пастырмасынын өндүрүшүндө алгач эттин ички жана сырткы бөлүгү туздалат. 4 күн күттүрүлгөн эттер, суусу жакшы сарыккандан кийин туз калбагыдай түрдө жуулуп, темир илгичтерге 7 күн илинет. Андан соң атайын машиналар менен престелип, жалпак формага келтирилген эт бул ыкма менен ичиндеги акыркы суусу да чыгат. Ачык асманда же атайын бөлмөлөрдө кургатуу үчүн калтырылган эт кесимдери акырында чемен сүйкөлүп толук жабылат. Бир нече күн тургандан кийин үстүндөгү ашыкча чемен кабыгы сыйрылган Кайсери пастырмасы, чемендүү же кабыгы сыйралган түрдө өтө жука кесилип сатылат. Пастырманын сырткы түсү чемен менен капталгандыктан кызыл-күрөң түстө, ал эми ички түсү эттин майлуу бөлүгү берген түс айырмасы менен бирге кочкул кызыл түстө болот.