Иран - Сауд Арабия нормалдашуусу жана Кытай
СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директор, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.
Кытайдын борбор шаары Пекинде 6 – 10 - март күндөрү өткөн сүйлөшүүлөрдө чыккан чечим боюнча эки өлкөнүн элчилери эки айдын ичинде кайрадан ишин баштайт.
Эки өлкө өзгөчө Ирандын реформачыл президент Мухаммед Хатеми мезгилинде (1997- 2005) Сауд Арабия менен кол коюлган коопсуздук келишими жана экономика башта болгон билим берүү, маданият, технология, саламаттыкты сактоо сыяктуу көптөгөн тармакты камтыган кызматташуу келишимин (1998) жандандыруу чечимин чыгарды. Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган сүйлөшүүлөргө Сауд Аравиянын атынан мамлекеттик министр ал-Айбан катышса, Ирандын атынан Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин катчысы Шамхани катышты.
СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директор, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.
Сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушу менен биргелеше жарыяланган текстте эки өлкөгө бул процессте ойногон ролунан улам ыраазычылык билдирилди. Бирок келишимди эмне үчүн Ирак же Оман эмес акыркы учурда кошулган Кытайдын башкаргандыгы тууралуу суроо талкуулана турган суроо болду. Бул суроого жооп издеп жатып, Кытайдын глобалдык гегомониялык күч болуу көз карашы жана Жакынкы Чыгышка ачылуу стратегиясы эске алынуу керек.
Кытайдын глобалдык күч болуу көз карашында жакынкы күнгө чейин экономикалык катышуунун үстөмдүк кылгандыгы жана Пекиндин саясий, аскердик, дипломатиялык тармакта артта туруу стратегиясын жүргүзүүсү бат - бат кайталанган бир аныктама. Бирок акыркы жылдарда Кытай Орто Азия, Жакынкы Чыгыш жана ал түгүл Укрина теңдемелеринде дагы көрүнүктүү кадамдарды таштай баштады.
Мунун эң маанилүү себептеринин бири – АКШ менен болгон күч атаандаштыгынын аскердик өңүтүнүн жакындап баратканы болсо, экинчи себеби – саясий/аскердик тармактарда экономикалык инвестицияны жана экспансияны күчтөндүрүү зарылчылыгынын пайда болушу.
Бул жагынан алганда, Кытай менен Жакынкы Чыгыштын маанилүү өлкөлөрүнүн ортосунда акыркы жылдарда күчөгөн карым-катнаштары көңүлдөрдү бурууда. Албетте, Кытайды аймакка түрткөн эң маанилүү факторлордун бири – бул анын энергияга болгон муктаждыгы. Чет элдик мунайга көз каранды Кытай Сауд Арабиянын да, Ирандын да мунайынын алдыңкы кардарларынын бири. Кытай эң көп мунай алган өлкө Сауд Арабия. Сауд Арабиянын 1,75 миллион баррель күнүмдүк мунай сатышынан кийин күнүнө 1,5миллион баррель менен Россия келүүдө.
Санкциялардан улам Ирандын Кытайга саткан мунайынын көлөмү расмий түрдө аныктала албаса да, ар кандай эсептөөлөр боюнча 750 миң менен 1 миллион 250 миң баррелге чейин өзгөрүүдө. Бул да Иранды Кытайга эң көп мунай берүүчү үчүнчү өлкө кылды, ал эми Иран эң көп мунай саткан өлкө Кытай. 2021-жылы Кытай менен Ирандын ортосунда 400 миллиард долларлык 25 жылдык келишимге кол коюлган.
Негизги суроо, Кытайды Иран-Сауд чыңалуусуна ортомчулук кылууга эмне түртүүдө? Биринчи ойго келген жооп - Кытайдын экономикалык байланышын саясий байланышка айландыруу максаты жана бул эки өлчөм бири-бирин бекемдейт.
Оболу Кытайдын эки өлкө менен жакшы мамилелерди түзүүнү каалагандыгын айтуу менен баштоо керек. Тегеран менен Рияддын ортосундагы чыңалуу кыйыр түрдө Пекинге да таасирин тийгизүүдө. Бул абал ачык түрдө өткөн декабрь айында Синин Рияд сапарында көрүлдү. Керек болсо Пекин - Рияд эки тараптуу сүйлөшүүлөрү керек болсо Кытай - Булуң арап өлкөлөрүнүн кызматташуу кеңешинин саммитинен кийин жасалган билдирүүлөр Иран - Кытай карым - катнаштарын чыңалтты. Ирандын катуу билдирүүлөрүнөн кийин Кытайдын дипломатиялык маневрлери жана Ирандын президенти Ибрагим Рейисинин Пекинге жасаган сапары атмосфераны жумшартууга жеткени менен Тегеран-Эр-Рияд мамилеси оңолмоюнча Пекиндин мындай жол кырсыктарына кабылышы шексиз эле. Бул чыңалуу Кытайдын эки өлкө менен болгон кызматташуу потенциалын чектелүү деңгээлде кармап турган.
Жакынкы Чыгыштын эки маанилүү өлкөсүнүн мамилелеринин жакшырышы, албетте, аймактагы бардык өлкөлөр үчүн оң жылыш катары кабыл алынды. Бул оң жылыш аймактагы кагылышууларга жана тирешүүлөргө чагылдырылышы керек. Йеменде көп жылдардан бери прокси согушунда жүргөн Иран менен Сауд Арабиянын аймактагы согушту токтотуу үчүн кадам ташташын күтүүгө болот. Бирок, бул оңой менен болбойт.
Бир тараптан алганда Сирияда да ушуга окшогон тынчтык жана саясий кайрадан куруу процессине карай бара жаткандыгы байкалууда.
Түркия - Сирия карым - катнаштарынын нормалдашуусунун Россия жана Ирандын ортомчулугунда ишке аша баштаган бир учурда Иран - Сауд Арабия нормалдашуусунун да Сириядагы процесске тийгизе турган таасирин күтүү керек. Бул нормалдашуудан кийин Сауд Арабиянын Сирияга кайрадан дипломатиялык карым - катнаштарын баштатышы нормалдашуу толкунунун улантылышынын белгиси.