Эшме йөрүк килеми

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-29

1963034
Эшме йөрүк килеми

Эшме йөрүк килеми

Катталган күнү: 01.09.1996

Түркиянын Эгей аймагындагы Ушак шаарынын Эшме районунун атынан коюлган «Эшме йөрүк килеми», 1996-жылы Эшме муниципалитетинин кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Түрктөрдүн көчмөн маданиятынын бардык өзгөчөлүктөрүн камтыган Эшме йөрүк килеми өзгөчө тамыр боёктун колдонулушу жана жиптеринин кол менен даярдалышынан улам көңүлдү бурат. Өңү, оюму жана композициясы аймакка гана тиешелүү өзгөчөлүктөргө ээ болгон килемдер үйлөрдө «Истар» деп аталган тик станоктордо аялдар тарабынан токулат. Алтынбаш, Топлу, Аблаш, Такмак деп да айтылган Эшме йөрүк килеминин, намаз кылуу үчүн жайнамаз катары же дубал панели өзгөчөлүгү менен колдонулган кичине өлчөмдөгү үлгүлөрү да бар. Килем чеберлери суроо-талап боюнча баштык, ээр баштык, жаздык, жаздык жабуу сыяктуу колго токулган буюмдарды да өндүрүшөт. Салттуу түрк оюмдарын камтыган Эшме йөрүк килеминин түс тандоосу болсо ар түрдүү. Табигый тамыр боегунан өндүрүлгөн жашыл, сары, кызыл жана кара күрөң түстөр эң артыкчылыктуу түстөр болуп эсептелет.



Тектеш кабарлар