Али Аббас Чынардын кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-14

1961877
Али Аббас Чынардын кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында үстүбүздөгү жылдын 24-февраль күнү каза болгон белгилүү илимпоз Али Аббас Чынардын кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Доктор Али Аббас Чынар 1960-жылы Түркиянын Эрзинжан облусунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1984-жылы Анкара университетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган. 1991-жылы магистрдик, 1996-жылы доктордук (PhD) диссертацияларын Хажеттепе университетинде жактаган. 1996-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Мугла университетинде эмгектенди.

Али Аббас Чынар орус, англис, түркмөн жана казак тилдерин жакшы билген. Ал Борбордук Азия мамлекеттеринде илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Түркиянын Маданият министрлигинде иштеп жүргөн жылдары кыргыз маданиятын түрк окурмандарга тааныткан китептердин басылышына себепкер болгон.

Чынар жылкылардын түрк калктарынын маданияты, адабияты жана тарыхындагы орду деген темалар боюнча магистрдик жана доктордук диссертацияларды жактаган. Ал кыргыздардын жашоосундагы жылкынын орду, “Манас” эпосундагы жылкы темасы боюнча изилдөөлөрдү жарыялаган. Кыргыз илимпозу Жылдыз Орозобекованын ““Манас” эпосундагы тулпарлардын көркөм образы жана сыпаттоо ыкмалары” аттуу изилдөөсүн түрк тилине которгон.

Фольклор изилдөөчүсү катары белгилүү болгон Али Аббас Чынар Раиса Кыдырбаеванын “Кыргыз фольклору” аттуу макаласын түрк тилине которуп, Анкара шаарында басып чыгарган. Кыргыз фольклорун изилдеген илимпоздор боюнча түрк тилинде доклад окуган.

Али Аббас Чынар Махмуд Барсканинин “Дивани лугати түрк” эмгегиндеги элдик медицина, жылкычылык боюнча маалыматтарды анализдеп макала, докладдарды даярдаган.

 Али Аббас Чынар Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын да изилдеген. Айтматовдун Мухтар Шаханов менен биргелешип жазган “Сократты эскерүү түнү” аттуу драмасын түрк тилине которуп 2000-жылы Анкара шаарында жарыялаган.

Гүлсине Узун тарабынан даярдалган “Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган чыгармаларында мифологиялык элементтер” аттуу магистрдик диссертацияга Али Аббас Чынар жетекчи болгон. Чынар өзү да Айтматовдун чыгармаларындагы кыргыз маданиятынын ролу боюнча макала жарыялаган.

Али Аббас Чынар Эл аралык “Чыңгыз Айтматов” академиясынын мүчөсү болгон. Бишкекте уюштурулган эл аралык симпозиумдарга катышып, доклад окуп турган.

Жыйынтыктай турган болсок, Али Аббас Чынар фольклорчу жана адабиятчы катары кыргыз фольклору, “Манас” эпосу, Чыңгыз Айтматов жана “Дивани лугати түрк” эмгеги боюнча түрк тилинде маанилүү изилдөөлөр, котормолорду жарыялап, кыргыз таанууга өз салымын кошкон.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Aytmatov, Cengiz, Muhtar Şahanov, Sokrat’ı Anma Gecesi, Çev. A. A. Çınar, Bilig Yayınları, Ankara 2000.

Çınar, Ali Abbas, “Manas Destanındaki Alp/Yiğit Tipinin Efe/Zeybek Kültürüyle Müşterekleri”, Zeybek Sempozyumu Bildirileri, Muğla Üniversitesi Yayınları, Muğla 2004, s. 127-140.

Çınar, Ali Abbas, “Manas Destanı Üzerine Yeni Kitaplar ve Nuh Tufanı Romanı”, Anayurttan Atayurda TÜRK DÜNYASI, 9, Ağustos 1995, s. 102-103.

Çınar, Ali Abbas, “Sovyet Türk Cumhuriyetlerinde, 1917-1991, Türk Soylu Folklorcuların Halk Edebiyatı Çalışmaları”, VI. Milletlerarası Türk Halk Kültürü Kongresi, Kültür Bakanlığı Yayınları, Ankara 2002.

Çınar, Ali Abbas, “Alp Tipi ve Manas’ın Atları”, Үчүнчү миң жылдыктын босогосунда түрк цивилизациясы, КТМУ, Бишкек 2003. 335-344-б.

Çınar, Ali Abbas, “Manas Destanı Bağlamında Alp Tipi”, CIEPO Interim Symposium: The Central Asiatic Roots of Ottoman Culture, İstanbul 2014, s. 231-242.

Çınar, Ali Abbas, “Aytmatov’un Eserlerinde Halk Kültürünün Rolü”, Doğumun 70. Yıldönümünde Cengiz Aytmatov Uluslararası Bilgi Şöleni Bildirileri, Başbakanlık Atatürk Kültür Merkezi Başkanlığı Yayınları, 8-10 Aralık, Ankara 1999, s. 63-70.

Çınar, Ali Abbas, “Divan-u Lügati’t Türk’te At Kültürü”, Yeni Türkiye Türk Dünyası Özel Sayısı I, 53, Temmuz-Ağustos 2013.

Çınar, Ali Abbas, “Divanu Lügati’t-Türk’te At Kültürü”, Uluslararası Türk Kültüründe At ve Çağdaş Atçılık Sempozyumu Bildirileri, Haz. Emine Gürsoy-Naskali, İstanbul 1995, s. 147-155.

Çınar, Ali Abbas, “Divanü Lügati’t-Türk’te Halk Hekimliği”, Türk Kültürü, 371, Mart 1994, s. 162-171.

Çınar, Ali Abbas, “Manas Destanı”, Bozüyük Belediye Başkanlığı, 21 Kasım. Bozüyük 1995.

Çınar, Ali Abbas, “Manas Destanında Alplık”, 21. Yüzyılda Türk Dünyası Jeopolitiği, 4. Haz.: Ümit Özdağ-Yaşar Kalafat-M.S. Erol, Asam Yayınları, Ankara 2003, s. 175-184.

Çınar, Ali Abbas, “Manas ve Türkiye’de Manas Çalışmaları”, Manas 1000 Sempozyumu, Kırgızistan Bilimler Akademisi, 26-30 Ağustos, Bişkek 1995.

Çınar, Ali Abbas, “Manas’ta At Kültürü”, Manas Destanı’nın 1000.Yılı Uluslararası Sempozyumu, Abant İzzet Baysal Üniversitesi ve Kültür Bakanlığı, 29-30 Haziran, Bolu 1995.

Kıdırbayeva, Raisa, “Kırgız Folkloru”, Çev. A. A. Çınar, Millî Folklor, 26, Ankara 1995, s. 41-46.

Orozobekova, Cıldız, “Manas Destanındaki Atların Tipleri”, Çev. A.A. Çınar, Manas Destanı ve Etkinleri Uluslararası Bilgi Şöleni, Atatürk Kültür Merkezi Yayınları, Ankara 1995 s. 183-192.



Тектеш кабарлар